Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-январы № 21-5
Айыл өкмөтүнө кызмат кылган автоуна жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө кызмат кылуучу ВАЗ -2107 маркасындагы 6000 ОS мамлекеттик номерлүү автоунаасына айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Б.Кудайбердиевден жаңы өкмөт башчы Н.Асановго өткөрүп берүүдө атайын комиссия түзүлгөн. Ошол комиссиянын актынын негизинде кээ бир эскилиги жетип калган тетиктерин алмаштыруу үчүн 30000 отуз миң сом акча каражаты талап кылынып жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттарына атайын сунуш кат менен кайрылган. Ошол сунуш катты канааттандыруу максатында айыл кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө кызмат кылуучу ВАЗ -2107 маркасындагы 6000 ОS мамлекеттик номерлүү автоунаасынын жараксыз тетиктерин алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30 000 отуз миң сом бөлүнүп берлсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын өз убагында таап берип камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Ботобаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |