Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-январы № 21-6
Убактылуу жеке менчик автоунаны пайдаланып туруу үчүн
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө кызмат кылуучу ВАЗ -2107 маркасындагы 6000 ОS мамлекеттик номерлүү автоунаасы оңдолуп чыккан убакытка чейин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асанов өзүнүн S 36 86 B мамлекеттик номерлүү автоунаасын пайдаланып туруу үчүн айыл кеңешинин депутаттарына кайрылган. Ошол кайрылууну талкуулап карап чыгып төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Асанов өзүнүн S 36 86 B мамлекеттик номерлүү автоунаасын пайдаланып турууга макулдук берлсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |