Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-январы № 21-7
Н..Исанов атындагы айыл аймагынын Тескей-Кожеке айылынын тургундары Н.Абдрасулов, А.Нурбеков, С.Өскөновдордун 2014-жылдын 1-январында мал сарайлары, Жаңы-Базар айылынын тургуну Ж.Маликовдун 2014-жылдын 13-январында үйү күйүп кеткен. Ал эми 2014-жылдын 21-январь күнү Күнгөй-Кожеке айылынын тургуну А.Раеванын мал сарайы күйүп өрттү өчүрүү убагында денесинен жаракат алган. Андан сырткары турмуш шарты оор үй-бүлөөлөрдөн Ысманов Кушбакка жана Жусупова Алимага жардам берүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардам берүү максатында төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тескей-Кожеке айылынын тургундары Н.Абдрасулов, А.нурбеков , С.Өскөнов, Ж.Маликовдордун ар бирине 4000 төрт миң сомдон, ал эми А.Раевага жаракат алганын эске алып 9000 (тогуз миң) сом, Ысманов Кушбакка 1000 (миң) сом , Жусупова Алимага 2000 (эки миң) сом жалпысынан 28000 (жыйырма сегиз миң) сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардам иретинде бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каражатын өз убагында таап берип камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Ботобаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл кеңешинин финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |