Редакцияот 18.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын  Н.Исанов атындагы айыл округунун кеңешинин  5-чакырылышынын  депутаттарынын 22- отуруму

2014-жылдын 18-февралы № 22-3

Ноокат районунун Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-2 «Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөрү » коэффиценти жана «мүлккө салык» салууда К-2 зоналдык 0,8 коэффицентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрында № 231 кабыл алынган жаңы салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык жергиликтүү Кеңешинин аймагында айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө  колдонулуучу К-2 « Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр » коэффицентин жана салык кодексинин 327-беренесинин 8-пунктуна ылайык жергиликтүү Кеңештин аймагында « мүлккө салык » салууда К-2 зоналдык коэффицентин кабыл алуу максатында Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин аймагында айыл чарба багытына арналбаган жер салыгын эсептөөдө колдонулуучу К-2 « Калктуу конуштардын экономикалык аймактык өзгөчөлүктөр » клэффиценти 0,8 эсебинде бекитилсин жана 2014-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.

2. Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин аймагындагы « мүлккө салык » салууда К-2 зоналдык коэффиценти 0,8 эсебинде бекитилсин.

3. Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин аймагындагы калктын, мекеме ишканалардын топтогон таштандыларын алып чыгуу жыйымынын ставкалары бекитилсин жана 2014-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл округунун туруктуу комиссиясына жана айыл округунун башчысынын орун басары А.Юлдашевге милдеттендирилсин.

 

Н.Исанов атындагы айыл

кеңешинин тѳрагасы:

 

А.Байдѳѳлѳтѳв