Редакцияот 07.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин  5-чакырылышынын 27- отуруму

2014-жылдын 7-октябры № 27/1

«2014-2015-жылдагы кышка карата даярдык жөнүндө»

Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагындагы бардык мектептерде бала бакчаларда саламаттыкты сактоо мекемелеринде  электр энергиясы боюнча 2014-2015-жылдардын кыш мезгилине карата даярдыктарды жүргүзүү , электр энергиясынын лимитин сактоо жана белгиленген  чектөөдөн ашыкча сакталышына жол бербөө боюнча эл арасында түшүндүрүү иштеринин абалы жөнүндө:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл Кеңеши:

- 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык мектептерге, бала бакчаларында жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде электр энергиясына жеткирилген лимиттин сактоону камсыздоону жана белгиленген чектөөдөн ашыкча сарпталышына жол бербөө үчүн эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

- Айыл аймагында калкты керектүү көлөмдөгү көмүр менен камсыздоо үчүн сатуучу ишканалар кыш мезгилинде көмүрдүн баасын бир деңгээлде сактоо үчүн аларга өз ара келишим түзүшсүн, ал үчүн сатуу пунктарын акысыз ачып, аларда көмүрдүн дайыма болушун жана сатылып жаткан көмүрдүн баасы көзөмөлгө алынсын.

- Электр энергиясын үнөмдөө үчүн жылытууга пайдаланбоо жана жылытуу үчүн көмүр даярдоо боюнча эл арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

2. Айыл өкмөтү Ноокат райондук электр тармактар менен биргеликте.

- районго жеткирилген электр энергиясын пайдалануунун чегин сактоо максатында РЭТ ишканасы тарабынан  жеткирилген өчүрүү убактысын так сакталышын камсыздоо менен аны элге туура жеткирүү.

- Лиминттен ашып кетсе кошумча өчүрүлөт

- Электр чубалгаларына тийген бак-дарактарды кесүүнү кыска убакыттын ичинде аякталсын.

- Айыл өкмөтүн аймагындагы 3 фаз иштеткен абоненттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен аларды 3 фаздуу линияларын убактылуу өчүрүү иштери 2014-жылдын 1-ноябрына чейин толук аяктлсын.

3. Айыл Кеңешинин депутаттары:

- Айыл Кеңештин сессиясында кабыл алынган чечимдерди айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлери, коомдук уюмдар жана таасирдүү адамдар менен биргеликте элдин калың катмарына жеткирилсин.

 

Н.Исанов атындагы айыл

кеңешинин тѳрагасы:

 

А.Байдѳѳлѳтѳв