Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 5-чакырылышынын 27- отуруму
2014-жылдын 7-октябры № 27/2
«Кожеке айылындагы 1976-жылы жалпы айылды таза суу менен камсыз кылган водопавод 1990-жылы иштебей токтоп калгандыгына байланыштуу, Кожеке айылынын жашоочуларын таза суу менен кайрадан камсыз кылуу жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл округуна караштуу Кожеке айылындагы таза суу тартып алынуучу насос турган жердин аянты 1959-жылда 2260 м2 , ошондой эле таза суу сактоочу көлгө 0,11 га жер ажыратылып берилген. 1990-жылы белгисиз себептердин негизинде, жашоочуларга таза суу берүү токтоп калган. Ошондуктан азыркы мезгилде Кожеке айылынын тургундарын таза суу менен камсыз кулуу максатында уюштурулган.
«Муз Булак» соопусуна жогоруда көрсөтүлгөндөй 2260 м2 жана 0,11 га жер аянтын өткөрүп берүүгө:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл округуна караштуу Кожеке айылындагы таза суу тартып алынуучу насос турган 2260 м2 жер аянтын « Муз булак » соопусуна өткөрүп берилсин.
2. Ноокат райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн иш кагаздарын бүтүрүп берүү жагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер жана коммуналдык иштер боюнча башкы адис А.Эсеналиевге тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.Байдѳѳлѳтѳв |