Редакцияот 07.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин  5-чакырылышынын 27- отуруму

2014-жылдын 7-октябры № 27/3

Байыш, Жар-Коргон айылдарындагы ФАПтын иштери жөнүдө

Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагындагы жайгашкан Жар-Коргон, Байыш айылындагы ФАПтын имаратын эскилиги жеткендигине байланыштуу ага жаңыдан заманбап имарат куруп иштетүү жөнүндө кайрылышкан, ошол ФАПтардын жараксыз экендигин аныктоо үчүн төмөнкүдөй:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

- Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагындагы жайгашкан Жар-Коргон, Байыш айылындагы ФАПтардын имаратынын абалын аныктоо үчүн Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына сунуш берилсин.

- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл Кеңешинин депутатты Осмонов жана Карыбековторго тапшырылсын.

 

Н.Исанов атындагы айыл

кеңешинин тѳрагасы:

 

А.Байдѳѳлѳтѳв