Редакцияот 02.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык округунун кенешинин 5- чакырылышынын 15-заседаниясы

2013-жылдын 2-марты № 15-1

«Н.Исанов атындагы айыл округунун 2012-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө»

Н.Исанов атындагы айыл округунун 2013-жылдын бюджеттин бекитип берүү үчүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн  талкуулап, айыл Кеңешинин туруктуу комиссиясынын жана жалпы депутаттардын заседаниесинде каралгандыгынын негизинде Н.Исанов атындагы айыл Кеңеши төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н.Исанов атындагы айыл округунун 2012-жылдагы бюджетинин аткарылгандыгы мыйзамдуу деп бекитилсин.

2. Н.Исанов атындагы айыл округунун 2013-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 43308,6 миң сом болгон, ал эми чыгаша бөлүгү 43308,6 миң сомду түзүп 2013-жылдын бюджети так түзүлгөндүгү үчүн бекитилсин.

3. 2013-2015-жылдарга Н.Исанов атындагы айыл округунун болжолдуу бюджетти туура деп белгиленсин.

4. Н.Исанов атындагы айыл округунун 2012-жылга кошумча түщкөн акча каражатынын 2013-жылдын 1-январына калган 416,1 миң сом калдык акчаны иштетүү боюнча айыл Кеңешинин депутаттарынын кароосунан өткөндүгү үчүн бекитилсин. Ушул бекитилген калдык акчаны көзөмөлдөп иштетүү жагын айыл округунун ФЭБнун башчысы М.Ботобаевге милдеттендирилсин.

5. Н.Исанов атындагы айыл округунун бюджетин 6 айда 1 жылдыкдын аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Н.Исанов атындагы айыл

кеңешинин тѳрагасы:

 

Д. Колдошов