Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 15-отуруму
2013-жылдын 2-марты № 15-5
«Н. Исанов атындагы айыл округунун аймагында түзүлгөн Фермерлер Кошуунун жоюу жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл Округунун аймагында 2007-жылы фермерлерди жана дыйкандарды окутуу боюнча иш жүргүзүү үчүн түзүлгөн Фермерлер Кошуунун финансылык жактан колдоонун жоктугуна байланыштуу жоюу боюнча Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин кеңешмеси төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фермерлер Кошуунун окууларын АРИС тарабынан каржылоо токтотулгандыгына байланыштуу Фермерлер Кошуунун иши токтолсун.
2. Кошуунду жоюу боюнча юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы Фермерлер Кошуунун төрагасы А.Тажиевге милдеттендирилсин.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
Д. Колдошов |