Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-марты № 15-6
«Суу келүүчү каналдардын жээгиндеги тал теректерди алып салуу жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Чеч-Дөбө айылынын тургундары Жар-Коргон айылынын тургуну Абдибаитов Алымкулдун үйүнүн чыгыш жагынан суу келүүчү каналдын эки жээгине тал теректер эгилип, барган сайын чоңоюп каналды тазалоо кыйын болуп жаткандыгын билдирип Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана АВП-40 Күнгөйдүн жетекчилерине арыз менен кайрылган, ошол арызды айыл Кеңешинин депутатары карап чыгып төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Чеч-Дөбө айылынын тургуну Жар-Коргон айылынын тургуну Абдибаитов Алымкулдун үйүнүн чыгыш тарабынан Чеч-Дөбө айылына суу келүүчү каналдын боюндагы эгилген тал теректер каналды тазалого тоскоолдук кылып жаткандыгына байланыштуу үлүш жерлердин ээлерине кабарлап туруп кыйып салуу жагы белгиленсин.
2. Ушул токтомдун акарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы АВП-40 Күнгөйдүн жетекчисиТ.Төрөбаевге жана Жар-Коргон айылынын айыл башчысы А.Айдосовго , Чеч-дөбө айылынын айыл башчысы Т. Эркебаевге тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
Д. Колдошов |