Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 12-марты № 15-7
Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагында 18871 калк жашайт. Анын бардыгы кыргыз улутундагы, ошондуктан айыл Кеңешинин токтомдорун жана айыл өкмөтүнүн токтом, буйруктарын кыргыз тилинде кагаз иштерин жүргүзүү жөнүндө төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн токтом, буйрук билдирүү кат, сунуштар, маалыматтар айыл өкмөтүндө башка улут жашабайт 100 пайыз кыргыз улутундагы адамдар болгондугуна байланыштуу кыргыз тилинде жүргүзүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл Кеңешинин жооптуу катчысы А.Топчубаевге тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
Д. Колдошов |