Редакцияот 25.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 5-чакырылышынын 20-отуруму

2013-жылдын 25-декабры № 20-2

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитеттеринин төрагасы Маманов Мурзакарим Байдилдаевичдин азыркы мезгилде жайыттарды туура пайдаланып бюджетге акча түшүрүү боюнча 9 айлык жүргүзүп жаткан иштерин угуп айыл кеңешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Маманов Мурзакарим Байдилдаевичдин азыркы мезгилдеги жүргүзүп жаткан 9 айлык иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы транспорт, курулуш, өнөр жай кайра иштетүү жана энергетика , айыл чарбасы , жаратылышты коргоо, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Н.Исанов атындагы айыл

кеңешинин тѳрагасы:

 

А. Байдѳѳлѳтов