Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-февралы № 29/1-2
«Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылдын бюджетин жана 2016-2017-жылдардын болжолдуу бюджетин бекитип берүү жөнүндө»
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылындагы бюджетин жана 2016-2017-жылдардын болжолдуу бюджетин бекитип берүү үчүн социалдык экономикалык өнүгүүсүн талкуулап , айыл Кеңешинин туруктуу комиссиясынын жана жлпы депутаттардын заседаниесинде каалгандыгынын негизинде Н.Исанов атындагы айыл Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылгандыгы мыйзамдуу деп бекитилсин.
2. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн бюджети 2015-жылга киреше бөлүгү 11868,1 миң сом болгон, ал эми чыгаша бөлүгү 11868,1 миң сомду түзүп 2015-жылдын бюджетин кароодон өткөзүп түзүлгөндүгү үчүн бекитилсин.
3. 2016-жылга 12327,7 миң сомго жана 2017-жылга 12868,2 миң сомго болжолдуу бюджети туура деп белгиленсин.
4. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2014-жылдан калган 1142,3 миң сом калдык акча каражатын иштетүү боюнча айыл Кеңешинин депутаттары карап чыккандыгына байланыштуу бекитилсин. Ушул бекитилген калдык акчаны көзөмөлдөп иштетүү жагын айыл өкмөтүнүн ФЭБ нун башчысы М.Ботобаевге милдеттендирилсин.
5. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын көзөмөлдөө жагын айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.П. Байдѳѳлѳтов |