Загрузка документа…
Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-февралы № 29/4
Бош калган жерлерди муниципалдык менчикке өткөрүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу борбордук аянтчаларда бош калган жерлерди муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын сунуштарын эске алып жана айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылууларын эске алып айыл кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн борборундагы аянтчаларды эч кимге тиешеси жок бош калган жерлерди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
- Айыл өкмөтүнүн жер комиссиясы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгы менен биргеликте иш кагащдарын бүтүрүү менен иш алып барылсын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Маматовго тапшырылсын.
Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин тѳрагасы: |
А.П. Байдѳѳлѳтов |