Редакцияот 20.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин 5-чакырылышынын 29- отуруму

2015-жылдын 20-февралы № 29/5

Депутаттардын санын бекитүү жөнүндө

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан айылдарда элдин саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу 2014-жылдын 17-апрелиндеги боло турган айыл кеңешинин депутаттык шайлоосунун саны 21-депутаттан болушу боюнча айыл кеңешинин депутаттарынын отуруму төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

- Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан айылдарда элдин саны көбөйгөндүгүнө байлныштуу айыл кеңешинин депутатарынын жалпы саны 21-депутат болуп бекитилсин.

- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын өзүмө калтырамын.

 

Н.Исанов атындагы

айыл кеңешинин тѳрагасы:

 

А.П. Байдѳѳлѳтов