Редакцияот 17.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 17-апрели № 12-7-5

Жумуш орундарын квоталоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 295,314–беренелеринин негизинде, Майлуу-Суу шаардык эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн башчысы М.А.Темированын катын карап жана талкуулап чыгып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардын эмгек рыногунда бирдей шартта атаандаша албаган калктын айрым категорияларын иш менен  камсыз кылуу үчүн, жоопкерчилиги чектелген коом “Майлуу-Суу лампа заводу” үчүн 8 адамга квота бекитилсин.

2. Ушул токтом катталсын  жана Кыргыз Республикасынын  укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .

3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты  сактоо, билим  берүү,  айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча  туруктуу комиссиясына  (К.А. Сүйүмбаев) жүктөлсүн.

 

Шаардык кеңештин тѳрагасы:

Р.К. Бакалаев