МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-апрели № 12-7-6
Майлуу-Суу шаардын мэри К.У. Сатыбалдиевге ишенбестик билдирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Майлуу-Суу шаардык кеңештин депутаттарынын Майлуу-Суу шаардын мэри К.У.Сатыбалдиевке ишенбестик билдирүү жөнүндө катын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынан келген катты карап, талкуулап чыгып, катышкан 28 депутаттын ичинен ачык дообуш берүүдө 24 депутат (“Ата-Журт”-13, “КСДП”-5, “Өнүгү”-5, “Замандаш”-1) ишенбестик билдиргендигине байланыштуу, Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри К.У.Сатыбалдиевке ишенбестик билдирилсин.
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына (К.А. Сүйүмбаев) жүктөлсүн.
Шаардык кеңештин тѳрагасы: | Р.К. Бакалаев |