Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-февралы № 12-5
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын 2014-жылга карата элден жыйноочу салыктын тарифин бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын жетекчисинин 2014-жылга алынуучу салыктын тарифин угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү боюнча таза суу пайдалануучуларга төмөндөгүдөй наркта тариф бекитилсин.
А-ар бир адамга (жалпыга) бир айда 10 (он) сомдон төлөө тарифи бекитилсин.
Б-жеке түтүкчөлөрү бар үй ээлерине айына 200 (эки жүз) сомдон баа бекитилсин.
В-мекеме, ишкана ж.б социалдык мекемелерге м3 менен эсептеп түзүлгөн калькуляцияга ылайык төлөө белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин «суу-чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына» жана А.Ажибаевке милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |