Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
2014-жылдын 20-октябры № 18-3
Т.Айбашов атындагы орто мектебинин алдындагы каарып калган бак-дарактарды кыюу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Т.Айбашов атындагы орто мектебинин директору А.Исмаилованынбилдирүүсүн айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Айбашов атындагы орто мектебинин алдындагы каарып, кургап калган бак-дарактар алынып, ордуна жаңыларын отургузууга уруксат берилсин.
2. Кургап калган бак-дарактарды кыйдырып, ордуна жаңысын олтургузуу мектептин директору А.Исмаиловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба , суу , жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |