Редакцияот 20.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы

2014-жылдын 20-октябры № 18-6

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүп берүү  жөнүндө

М.Кудайбердиев атындагы лицейдин директору Мурзабековнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Т.Кулатов айылдык кеңешинин «бюджет, экономика, соода жан аишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы М.Кудайбердиев атындагы лицейге Эл аралык «Мерсико» компаниясы менен биргеликте жазылган долбоордогу эмеректерди сатыпалуу үчүн 50 % пайыз үлүшүн төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.

2. Жергиликтүү бюджеттен акча каражатбөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысыА.Зулпуевке милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңешинин тѳрагасы:

 

А. Ажибаев