Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-апрели № 9/10
Дөң-Алыш айылдык китепканасына Өзүбек Абдыкалыковдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Дөң-Алыш айылдык китепканасына Өзүбек Абдыкалыковдун ысымын ыйгаруу жөнүндө Дөң-Алыш айылынын жалпы элдик чогулушунун 24-март 2014-жылдагы Протоколунун токтомун карап жана талкулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөң-Алыш айылынын жалпы элдик чогулушунун 24-март 2014-жылдагы Протоколунун токтому бекитилсин.
2.Дөң-Алыш айылдык китепканасына Өзүбек Абдыкалыковдун ысымы берилсин.
3. Дөң-Алыш айылдык китепканасы мындан ары “Дөң-Алыш айылдык №2 Өзүбек Абдыкалыков атындагы китепкана” деп аталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Н. Керимкулов |