Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-апрели № 10/2
Талаа-Булак айыл аймагынын Комсомол айылында бала-бакча ачып мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Кадыркул уулу Барылкандын Комсомол айылында бала бакча ачуу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын Комсомол айылына 60 орундуу бала бакча ачылсын жана «Баластан-Нуру» бала бакчасы деп аталсын
2. «Баластан-Нуру» бала- бакча мекемесинин Уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилсин.
3.«Баластан-Нуру» бала- бакча мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Кадыркул уулу Барылканга жүктөлсүн.
Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамда белгиленген учурларда, юрдикалык жактан мамлекеттик каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталсын.
Тѳрага: | Н. Керимкулов |