Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 22-сентябры № 11/1
Сары-Булак айыл ѳкмѳтγнγн Кара-Булак айылында жайгашкан Э.Алиязов атындагы башталгыч мектебин 9 жылдык мектептин базасында ачып берγγ жѳнγндѳгγ Кара-Булак айылынын элдик жыйынынын сунушун жана Кызыл-Булак айылынын жашоочуларынын, К.Чаргынов атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын, К.Чаргынов атындагы орто мектебинин базасындагы окуу класстарындагы окуучулардын азайып кетγγсγ жѳнγндѳгγ ѳтγнγч катын караган 18.09.2014-жылдагы Сары-Булак айыл ѳкмѳтγнγн №9-заседаниесинин сунушун кароо жѳнγндѳ
Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин кезексиз чакырылган -(V-шайланган) №11- сессиясынын жыйналышында каралаган Сары-Булак айыл окмотунун 18.09.2014-жылдагы №9-заседаниесинин сунушун угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин кезексиз чакырылган (V-шайланган) №11- сессиясынын жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл окмотунун заседаниесинде талкуулап Кара-Булак айылында жайгашкан Э.Алиязов атындагы башталгыч мектебин 9- класстын базасында кенейтип ачуу жонундогу Сары-Булак айыл окмотунун заседаниесинин сунушу жактырылсын.
2. Э.Алиязов атындагы башталгыч мектебинин базасын 9-класстын базасында кенейтип ачып беруу жагы Кара-Кулжа райондук билим беруу болумунон суралсын.
3. Э.Алиязов атындагы башталгыч мектебинин базасында 2014-2015-окуу жылына 5-класска окуучулар тартылсын. 2014-2015-окуу жылына 5-класска, 2016-жылы 6-класска, 2017-жылы 7-класска, 2018-жылы 8-класска, 2019-жылы 9-класска окушсун.
4. Э.Алиязов атындагы башталгыч мектебинин базасында 2014-2015-окуу жылына 6-класска окуган окуучулар 2014-жылдын 23-сентябрынан баштап К.Чаргынов атындагы орто мектебине окууга тартылсын.
5. Жогорудагы Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин кезексиз чакырылган №11-(V-шайланган) сессиясынын жыйналышы белгилегендей эки мектептин класс комплектисин тез арада чечип беруу жагы Кара-Кулжа райондук билим беруу болумуно сунушталсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын козомолго алуу жагы Депутаттардын Сары-Булак айылдык округдук Кенешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Булак айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Кенжебаев |