Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-февралы № XX-4
«Айылкурулуш» муниципалдык ишканасынын 2014-жылда аткарган иштеринин отчету жана 2015-жылга иш мерчемин бекитип берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Боркош уулу Дамирбектин 2014 жылда аткарган иштеринин отчетун жана 2015-жылга аткара турган иш мерчемин угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын 2014-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп эсептелсин.
2. 2015-жылда аткара турган иш-мерчеми бекитилсин.
3. Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын калкынын таштанды салыгы ар бир кожолукка 30 (отуз) сомдон бекитилсин.
4. Салыктан түшкөн акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы Боркош уулу Дамирбекке милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |
«Макулдашылды» Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы . ____________________Мадимаров Н. «___»_____________2015- ж | «Бекитемин» Т. Кулатов айылдык кенешинин төрөгасы _______________Ажибаев А. «___»____________2015-ж |