Редакцияот 26.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин V-чи чакырылышынын

 кезектеги XXI сессиясы

2015-жылдын 26-февралы № XXI-3

«Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКна Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жер аянттарын трансформациялоого (9,3212 га, 2,5 га, 0,0088 га, 11 га, 29,86 га, 2,4 га , ) макулдук берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айылдык кенеши «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКна жалпысы 55,09 га жер аянттарын убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө маселени карап чыгып,депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенештин сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында Ак-Сай бөлүмүндө жайгашкан төмөнкү жер аянттарын Ак-Сай карьеринин лицензия колдонуу мөөнөтү (2015-жылдын 15-июлуна чейин) убактылуу пайдаланууга берүүсүнө макулдук берилсин:

 -9,3212 га – Ак-Сай карьерине чыгуучу жол;

- 2,5 га- Ак-Сай карьерине известняк кабыл алуу бункери;

- 0,0088 га – Ак-Сай карьерине ЛЭП линиясын тартуу үчүн;

- 11 га – Ак-Сай карьерден чыккан топурак төгүү үчүн отвалга жана азыркы убакта иштеп жаткан «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКнын заводтун орду үчүн, технологиялык жол куруу үчүн жер аянттарын 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга макулдук берет.

- 29,86 га- «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ЖАКнын заводтун орду үчүн;

- 2,4 га – технологиялык жол куруу үчүн.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин жер аянттар боюнча комиссиясына жана жер адисине тапшырылысын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

кеңештин тѳрагасы:

 

А. Ажибаев