Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № XXII-3
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын 2015--2017-жылдарга карата старатегиялык планын бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык округунун жетекчисинин орун басары Д.Көчкөновдун билдирүүсүнүн негизинде түзүлгөн 2015--2017-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоорун угуп жана талкуулап Т.Кулатов айылдык округунун депутаттардын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айылдык округунун 2015-2017-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык иш-чара, социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
2. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |
Жергиликтүү коомчулук иштеп чыгарган экономикалык өнүгүү стратегиялык планын сунуштоо мен үчүн чоң сыймык. Стратегия биздин өнүгүү ниетибизди жана ал ниетке кантип жетүү боюнча маалыматты камтыйт. Андан тышкары, стратегияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын миссиясы, башкача айтканда ниеттеги максаттарга жетүүдөгү жергиликтүү бийликтин кылган иш аракеттери аныкталган.
Бул процесске салым кылган баардык жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнө ыраазычылыгымды билдирем. Жалпы ишти аткарууда биз аларга таяндык, андыктан стратегияны жергиликтүү коомчулуктун стратегиясы деп атасак жаңылышпайбыз. Коомчулуктун мүчөлөрү бул процесске ар кандай жолдор менен катышышты. Кээ бирөөсү стратегиялык пландаштыруу комитетине кошулуп, көптөгөн семинарларга катышты. Көпчүлүк эл өздөрүнүн ойлорун кыскача сурамжылоо аркылуу да билдиришти. Сурамжылоого ылайык, эл негизги өнүгүү багыт катары төмөнкүлөрдү белгиледи: айыл чарба жана жеке ишкерчиликти айрыкча өнөр жайын өнүктүрүү. Мындан сырткары, үй-бүлөдөгү эң негизги приоритет болуп жумуш жана киреше аныкталды. Жеке ишкер адамдар өз ойлорун бизнес сурак аркылуу билдиришти. Бул сурамжылоо жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн кандай шарттарды түзүү керек деген маалымат берди. Стратегияны түзүүдө негизги багыт жалпы өкмөтүбүздүн, анын жетекчилигинин президентибиз Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин жарлыгы менен республикабызды «2015-жылды Улуттук экономиканы чыңдоо жылы» деп кабыл алышты, облуста «Экспортко багытталган продукцияларды өндүрүүчүлөрдү колдоо жылы», райондо «2015-жыл өндүрүштү өнүктүрүү жылы», айыл өкмөттө «Социалдык маданий тармакты көтөрүү жылы» деп кабыл алынышы эске алынып, алган багыттары шайкеш б.а. мамлекеттик саясатка ыңгайлашканыбызды да белгилөө керек.
Процесс абдан ылдам болду. Мен ишенем, бул процесске катышкан ар бир адам канааттанды. Биз коомчулугубузду жакшыраак түшүндүк жана жашоочулардын жашоосун кантип жакшыртууну билип калдык.
Бул стратегия коомчулуктагы баардык маселелерди чечпейт, анткени бул жалпы план эмес. Стратегия экономикалык өнүгүүнүн эң натыйжалуу жолдорун гана аныктады, мындай ыкма коомчулук белгилеген негизги приоритетке (жумуш орду жана үйбүлөлүк киреше) түздөн түз салымын кошот. Бул биз башка маселелерди чечпейбиз дегенди түшүндүрбөйт. Стратегияга таянып биз күчүбүздү биринчи кезекте эң орчундуу маселелерди чечкенге гана жумшайбыз.
Стратегияны иштеп чыгаруу бул абдан маанилүү бирок, акыркы кадам эмес. Алдыда дагы көп кыла турган иштер бар. Азыркы тапта стратегияны ишке ашыруу системасын иштеп чыгаруу учурундабыз, ал система стратегияны мониторлойт, баалайт жана керек болсо стратегияны жаңылатып турат.
Экономикалык өнүгүү жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн демилгесинен көз каранды болгондуктан, мен жеке ишканаларды ача турган же ишмердүүлүктү кеңейте турган адамдарды колдойм. Биз мындай адамдарга жакшы шарт түзмөкчүбүз. Мен биздин жерге инвестиция тартып келе турган тышкы инвесторлорго дагы чакыруу жиберем. Биздин жер салыштырмалуу кичинекей, бирок потенциалы абдан чоң.
Сиздерди урматтоо менен,
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы: |
Н.Мадимаров |
Т.Кулатов атындагы айылдык аймактын «2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы» - айылдык аймактын калкынын жашоосунун сапатын жакшыртуу болуп эсептелет. Калктын жашоо сапатын жакшыртуу, демек айыл өкмөтүнө түшүүчү кирешенин көлөмүн жогорулатуу, ал гана эмес коомдоштуктарды башкарууга тартуу, терең билим алуу, саламаттыкты сактоо, жарандардын эркиндигин сактоо, укугун коргоо, жакырчылыктан чыгаруу, бири-бирине жардам көрсөтүү жана башкалар.
Айылдык аймактын өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык стратегиялык планын түзүү анын миссиясын, келечекти көрө билүүсүн аныктап, айыл өкмөтүнүн ар тараптуу өнүгүүсүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга көмөктөшөт.
Биздин айылдык аймак келечекте социалдык, маданий тармагы ар тараптуу өнүккөн, өнөр жайлуу, айыл чарба тармагы алдыңкы техника технология менен жабдылган, жогорку сапаттагы айыл чарба продукцияларын берүүчү рентабелдүүлүгү жогору, пайда алып келүүчү айыл чарба өндүрүшү бар чарбалардан турган тармакка айланат. Айылдык аймак жогорку сапаттагы инфраструктуралар менен камсыз болгон шаар тибиндеги айылдык аймак болмокчу.
Айылдык аймактын 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планы айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү программасы болуп саналып – жергиликтүү жамааттардын экономикалык, ошондой эле социалдык, маданий маселелердин механизмдерин этаптуу өнүгүүсүнө түрткү болуп саналат.
Анын негизги багыттары:
Ø Айыл аймагынын калкынын жакшы жашоосуна таасир эткен себептерди аныктоо.
Ø Гендердик программаны колдонуу менен аял жана эркектердин тең катышуусу аркылуу ишке ашкан маселелерди изилдеп тактоо.
Ø Айылдык жашоочуларынын негизги керектөөлөрүн изилдеп үйрөнүү.
Стратегиялык пландын негизги максаттары жана тапшырмалары.
Башкаруу – белгилүү максатка жетүүнү көздөгөн пландаштыруу, уюштуруу, ыңгайлашуу жана көзөмөлдөө процесси болуп саналат.
Пландаштыруу башкаруунун негизги функцияларынын бири жана максатка жетүүнүн милдеттерин этап-этап менен аткаруу, турмушка ашыруунун механизми.
Эффективдүү пландоосуз жакшы башкаруу мүмкүн эмес, а демек максатка жетүүнүн сапаты да эффективдүү болбойт. «Башкаруу» түшүнүгү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында анын максатын гана аныктабастан, мыйзамдын негизинде анын формасын да кошо камтыйт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруудагы «Башкаруу» өзүн өзү башкаруу органынын ишмердүүлүгү коомдук кызыкчылыкты ишке ашыруунун мыйзам чегиндеги формаларынын негизинде аймактык (муниципалдык) чарба жүргүзүү болуп эсептелет.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-жылга чейинки «Стратегиялык өнүгүүсүнүн программасынын» негизги максаттары:
Ø Жакырчылыкты басаңдатуу, келечекте жакырчылыкты жоюу;
Ø Калктын кирешесин реалдуу жогорулатуу;
Ø Социалдык өнүгүү (билим алууну жана сапаттуу медициналык тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу);
Ø Маданий өсүү;
Ø Аял-эркектин бардык иштерде бирдей катышуусун камсыз кылуу;
Ø Өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүү, кичи жана орто биснести өнүктүрүү, кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүү менен экономикалык өсүүнү камсыз кылуу;
Ø Демократиялык башкарууну өнүктүрүү (жамааттарды башкарууга тартуу, өз алдынча башкаруунун негиздерин бышыктоо)
Жогорудагы иш чараларды аткаруу менен жергиликтүү бюджетти которуу жергиликтүү аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүп, айыл жашоочуларынын жашоо деңгээлин жогорулатуу, айыл жеринде жакырчылыктын деңгээлин минимумга жеткирип, жумушсуздукту жоюу аркылуу алардын ар тараптуу өсүп өнүгүүсүн камсыз кылуу, жаштарга сапаттуу билим берүү, сергек жашоо образын түзүү, калктын керектөөлөрүнө болгон муктаждыктарына жагымдуу шарттарды түзүп берүү - бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги максаты болуп эсептелет. Бул нерселерге жетишүү албетте оңой-олтоң иш эмес жана көп убакытты талап кылуучу бир нече механизмдерди басып өтүүгө туура келет, ошондой эле жергиликтүү аймакта орун алган калктуу пунктардагы түзүлгөн коомдоштуктар менен айыл чарба субөектилеринин биргелешкен күч аракеттеринин натыйжасы аркылуу ишке аша турган татаал процесстерди камтыган, аларды чечүүнү талап кылган түйшүктүү проблемалардын жыйындысы болуп эсептелет.
Ошентсе да жергиликтүү өз алдынча болгон айыл өкмөтү айылдык Кеңештин депутаттары менен биргеликте башкаруунун күчтүү механизмин камсыз кылып, ал аркылуу айыл жашоочуларынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө толук шарт түзүп берүүгө жетишүүсү заарыл жана ушул жол аркылуу айыл жерин көтөрүүнүн б.а. стратегиялык пландын максаттарына жетишүүнүн милдеттерин ачык жана даана аныктап, механизмдерин иштеп чыгуусу бүгүнкү күндүн кечиктирилгис иш-чарасы. Стратегиялык пландын негизги тапшырмалары.
Т.Кулатов айылдык аймагынын 2017-жылга чейинки өнүгүүсүнүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
Ø Айылдык аймактын ар бир айылы менен тыгыз байланышта болуп, маалымат алмашууну камсыз кылуу;
Ø Жергиликтүү жамааттык уюмдар, инвестициялык бирикмелер, өз ара жардамдашуу топтору менен биргеликте өнүгүүнүн планын иштеп чыгуу;
Ø Башкаруунун күчтүү институтун камсыз кылуу;
Ø Ички жана сырткы донорлор менен байланыш түзүп, алар аркылуу айылдык Кеңештин аймагына ар кандай тармактарды өнүктүрүүгө багытталган инвестицияларды тартып келүү;
Ø Сапаттуу билим алууну камсыз кылуу;
Ø Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү аркылуу айыл жашоочуларынын ден соолугун камсыз кылуу, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө жетишүү;
Ø Айылдык бюджеттин киреше бөлүгүн өз учурунда аткаруу бюджеттик мекемелерге чегерилүүчү финансы каражаттарын туура пайдаланып, бюджеттик мекемелерди сапаттуу тейлөөнү камсыздоо;
Ø Айыл калкына кызмат көрсөтүүнүн денгээлин жогорулатып, аларды транспорт, байланыш кызматынан сапаттуу пайдаланууга жетишүү;
Ø Кайра иштетүүчү кичи жана орто бизнес ишканаларынын санын көбөйтүү аркылуу алардын кирешесин жогорулатууга жетишүү, калкты сапаттуу продукция менен камсыз кылууга жетишүү;
жана башка ушул сыяктуу милдеттерди ишке ашыруу болуп эсептелет.
Стратегиялык планды түзүү үчүн уюштурулган жумушчу топтун курамы
№ | Фамилиясы, аты | Айылы | Билими | Иштеген кызматы |
Мадимаров Нуридин | Таш-Булак | Жогорку | Кулатов а-ө башчысы | |
Көчкөнов Данияр | Кош-Дөбө | Жогорку | Кулатов а-ө орун басар | |
Зулпуев Алмаз | Ак-Чал | жогорку | ФЭБ башчы | |
Бердикулов Таалай | Ак-Чал | жогорку | Соц. кызматкер | |
Абдуллаев Гылам | Арык-Тейит | Ат.орто | Жер адиси | |
Абдираимов Шайдилла | Кожо-Арык | жогорку | Статист | |
Жээнбаева Аида | Кызыл-Булак | жогорку | Жооптуу катчы | |
Жолдошбаев Немат | Кызыл-Булак | Ат.орто | Жыйым боюнча жетектөөчү адис | |
Закиров Абдыкаар | Ак-Чал | Ат.орто | Айыл башчы | |
Паязов Жаанбай | Кожо-Арык | Ат.орто | Айыл башчы | |
Маткаримов Курсан | Баглан | жогорку | Айыл башчы | |
Чодонова Өктөм | Ак-Терек | Ат.орто | Айыл башчы | |
Эшматов Тимур | Кожо-Арык | жогорку | Жаштар комитети | |
Абдырахманова Тынара | Кызыл-Булак | жогорку | Мектеп директору | |
Ажибаев Аким | Кызыл-Булак | жогорку | А-К төрагасы | |
Каратаева Санавар | Кожо-Арык | жогорку | А-К төрагасынын орун басары | |
Жамалдинова Жаңыл | Кожо-Арык | жогорку | ВУС |
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун азыркы күндөгү социалдык-экономикалык абалы.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү - адам укугун сактаган жана ал үчүн жагымдуу жашоо чөйрөсүн камсыздаган, билимдүү, маданияттуу, ден соолуктуу, активдүү атуулдардын мекени.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү - жаңы технологиялардын негизинде айыл чарбасы, жеке ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарт түзүлгөн жана сапаттуу тейлөө кызматтарын көрсөткөн айылдык аймак. Адам укугун сактаган атуулдардын мекени. Айылдык аймакта көп социалдык инфраструктура бар. Мындан ары да алардын техникалык абалы канааттандыраарлык деңгээлде сакталат жана саны көбөйөт. Айылдык аймакта күчтүү билим, маданият жана саламаттыкты сактоо институттары күчтүү, профессионалдуу ишкерлерди тартып турат. Ал профессионалдар ар кандай колдоолорду алып мектептерде, бейтапканаларда жана маданият үйлөрүндө иштегенге чоң кызыгы бар. Гигиеналык жана санитардык абал канааттандыраарлык. Натыйжада коомчулук билимдүү, ден соолуктуу, маданияттуу адамдарды өстүрөт. Адамдар ар кандай тармактарда эмгектенишет, ишмердүүлүктөн баштап маданият жана спорт тармактарына чейин. Буга жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдардын иш аракеттери да кирет. Айылдык аймак келечектеги профессионалдуу жаңы муундардын мекени.
Потенциалдык көрсөткүчтөр:
Ø Өнөр жайлууү;
Ø жери кен байлыктарга бай;
Ø Ар түрдүү тармактагы билимдүү адамдардын пайызын жогору экендиги, социалдык инфраструктура обөектилеринин көптүгү, маданий иш-аракеттердин саны, адамдардын ден соолугу чыңдыгы, жакырчылыктын денгээлинин салыштырмалуу төмөндүгү атуулдардын укугунун сакталышы;
Айылдык аймак атуулдардын укугун сакташ үчүн баардык иш аракеттерди кылат. Ар бир атуул мыйзам чегинде өз каалаган динге ишене алат, улуттук же жергиликтүү саясатты сынга алса ал үчүн куугунтукка алынбайт. Ар бир атуул жергиликтүү жана улуттук мыйзам менен бекитилген социалдык жардамды өз маалында толугу менен алып турат. Эгер атуулдун укугу бузулса, айыл өкмөтү ал кишиге өз укугун коргогонго жардам кылат.
Потенциалдуу күчтөр:
Укугу бузулган адамдардын саны, (салыштырмалуу өтө төмөн). Жеке ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарт түзүлгөн.
Жеке ишкерлерге жакшы шарттар түзүлгөн. Ишкерлер жумуш орундарын ачат, ал өз учурунда жергиликтүү коомчулукка киреше тапканга мүмкүнчүлүк берет, ишкерлер жергиликтүү бюджетти көбөйткөнгө жана жакырчылыкты кыскартканга өз салымын кошушат. Ишкерлерге жакшы шарт катары аларга эффективдүү административдик кызмат көрсөтүү (каттоо, патент) жана өнүгүү борбору аркылуу кеңеш кызматы саналат. Айыл өкмөтүндө 2014-жылы административдик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча ПРООНдун «Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак-ниет башкарууну илгерлетүү» долбоорунун жардамы жана демөөрчүлүгү бирдиктүү терезе ыкмасы менен элге кызмат көрсөтүүнү колго алып, анын натыйжасында элдин айыл өкмөтүнүн административин кызматтарынан пайдаланышы ыңгайлуу жана бир топ жөнөкөйлөштүрүлүп, айыл өкмөтүнүн жетекчилигине эл ыраазы болуп калды. Айыл өкмөтүнүн элге бирдиктүү терезе ыкмасы менен кызмат көрсөтүүсү жогорку органдарга да жагып, айыл өкмөтүндө райондук, областык жана Республикалык деңгээлдерде семинарлар өткөрүлгөндүгү. Бул ыкманын натыйжалуу экендигин далил деп түшүнөбүз.
2.1. Т.Кулатов атындагы айылдык аймагындагы тейлөө кызматы:
Т.Кулатов атындагы айылдык аймагында тейлөө кызматтардын сапаты жогору. Мисалы, коммуналдык кызматтар: таза суу, таштанды чогултуу жана административдик кызматтар. Мындан тышкары дыйкандар жана ишкерлерге көрсөтүлүүчү башка кызматтар да бар: ветеринардык кызматтар, кеңеш берүү кызматтары жана техсервис кызматтары. Коммуналдык жана бизнести колдоо кызматтарынан тышкары да, күнүмдүк жашоого керектүү кызматтар бар: автоунаа ондоочу жай, маалымат борбору ж.б. сапаттуу кызматтар дыйкандарга жана ишкердүүлүккө жакшы шарт түзүп башка региондордогу жеке ишкерлер менен таймашканга мүмкүнчүлүк берет.
Т.Кулатов атындагы айылдык аймакта 5 айылдагы элдердин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана убаракерчиликти жоюу максатында, айыл башчылардын укугун көбөйтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Айыл өкмөтүнүн карамагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жери элдердин мүмкүнчүлүгүнө карап берилген.
Бүгүнкү күндө бир информациялык борбор түзүлүп элге кызмат кылууда. Ал эми экинчи информациялык борбор келечекте курулмакчы.
Т.Кулатов атындагы айылдык аймагы Ноокат районунун борборунан 45 км аралыкта чыгыш-түштүгүндө жайгашкан. Ош облусунун борборунан 90 км аралыкта. Түндүк-батыш тарапта Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына чектешет. Ал эми чыгыш тарабынан Көк-Жар, түндүктөн Төөлөс, батыштан Ынтымак айыл аймактары менен чектешет.
Т.Кулатов атындагы айылдык аймагы деңиз денгээлинен 750-1700 метр бийиктикте жайгашкан. Климаты кескин кантиненталдуу. Жайы ысык, кышы өзгөчө суук.
Территориясынын жалпы аянты 29154,0 ч/км. Жеринин рельефи аралаш. Айыл өкмөтүнүн маданиятынын, социалдык абалынын жана экономикасынын өнүгүшүнө жер шартынын географиялык абалы ыңгайлашкан.
Т.Кулатов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын курамына «Кожо-Арык», «Кош-Дөбө», «Ак-Чал», «Кызыл-Булак», «Баглан» айылдары кирип, жалпы калкы 19036 адам жашайт. Анын ичинен кожолук саны – 3454, эркектер – 9447, аялдар – 9589. Т.Кулатов айылдык аймагында улуттук курамы боюнча негизинен кыргыздар жашайт.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү боюнча айылдардагы калктын санынын маалыматы:
№ | Айылдардын аттары | Кожолук саны | Эркектер | Аялдар | Баары |
1 | Кожо-Арык | 1443 | 4115 | 4129 | 8244 |
2 | Кош-Дөбө | 198 | 493 | 514 | 1007 |
3 | Ак-Чал | 559 | 1617 | 1644 | 3261 |
4 | Кызыл-Булак | 686 | 1654 | 1675 | 3329 |
5 | Баглан | 568 | 1568 | 1627 | 3195 |
| Жалпысы: | 3454 | 9447 | 9589 | 19036 |
Бүгүнкү күндө айыл өкмөтүнүн аймагында 10 билим берүүчү мектеп, 2 балдар бакчасы, борборлоштурулган оорукана, 5 ФАП, 1 маданият үйү, 1 клуб, спорт комплекси, 1 спорт аянтча, 2 китепкана, тегирмендер жана кайра иштетүү боюнча чакан цехтер элге кызмат кылууда.
КР нын Президентинин 1996-жылдын 20-мартындагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндөгү чаралары» жөнүндөгү указынын негизинде жана Кыргыз өкмөтүнүн 1996-жыл 24-апрелиндеги «КР нын аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарын – айыл өкмөтүн түзүү» жөнүндөгү №187 токтомун ишке ашыруу максатында 1996-жылы июнь айында Т.Кулатов айылдык Кеңешинин базасында, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү түзүлгөн. Элдин социалдык-экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу.
Элдин социалдык-экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу максатында айылдык кеңеш «Жергиликтүү саясий жана административдик башкаруу» программасынын колдоосу аркылуу бир катар иштерди аткарууга жетишишти. Атап айтканда жергиликтүү башкаруунун баштапкы институту түзүлдү. Алар айылдык жамааттык уюмдар (12), өз ара жардамдашуу топтору (48), Айылдык Инвестициялар Бирикмелер (11) жана алардын базасындагы чакан проект группалары (МПГ 14).
Түзүлгөн бул баштапкы институттар айылдык кеңеш өзүн жалпы депутаттары менен бардык айылдарында айыл тургундарынын мүдөөсүн ишке ашыруу, айылдардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылууга жетиштүүгө көңүл буруп келүүдө. Айыл өкмөтүнүн өнүгүүсүнүн пландоосуна катышуу жана жалпы социалдык-экономикалык мобилизациясын камсыз кылуу сыяктуу механизмдерин турмушка ашырууда жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы менен жанаша туруп, иш алып барууну көздөп, айылдык өкмөтүнүн өнүгүүсүнө өздөрүнүн барандуу салымдарын кошуп келүүдө.
Т.Кулатов атындагы айылдык аймагы жаратылыш кен байлыктарына бай. Ошондон улам айыл өкмөтүнүн экономикалык жактан тез арада, кыска мөөнөттө өнүгүп кетүүсүнүн мүмкүнчүлүктөрү жогору. Ушундай жагдайда элди кыйын экономикадан алып чыгуу максатында жергиликтүү жамааттардын, коомдоштуктардын жалпы элдин билим деңгээлин жогорулатуу, потенциалын көтөрүү бирден бир кечиктирилгис милдет болуп эсептелинет. Айылдык аймагында Эл аралык Уюмдар тарабынан 2014-жылга чейин 40 тан ашуун тренинг-семинарлар өткөрүлдү. Бул семинарларга, угууларга айыл өкмөттүн Башкаруу аппаратынын кызматкерлери, айылдык Кеңештин депутаттары, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү, лидерлери, катчылары, мүчөлөрү үзгүлтүксүз катышып келишти.
Ушул семинар – угуулардан алган жаны билим тажрыйбалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын, айылдык аймактын айылдарын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө курал катары пайдаланылат.
Т.Кулатов айылдык аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун финансы-экономикалык базасынын негизин жергиликтүү бюджет түзөт. Жергиликтүү бюджет ар түрдүү салыктардын эсебинен жана кайра бөлүштүрүү жер фондусун ижарага берүүдөн жыйналуусу ижара акысынан түзүлөт. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2014-жылга бекитилген план боюнча 45 925 000 сомду түзсө, ал эми такталган план боюнча 61 807 000 сомду түздүк. Чыгаша бөлүгүн каржылагандан кийин 2014-жылдан 2015-жылдын 01-январына 22 116 300 сом, отчет мезгилдин акырына 7 722 700 сом эсебинде калдык калып отурат. Ал эми 2015-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмү 62 744 600 сомго пландалууда.
2.2. Социалдык маданий спорт маселелери.
Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын социалдык жана маданият тармагын мындан ары өнүктүрүүбүз үчүн билим берүү тармагын жана саламаттыкты сактоо тармагынын билимдүү жаш кадрлар менен камсыздообуз керек. Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринде гендердик балансты түзүүгө жетишүүбүз керек, себеби бул тармакты болжолдуу 90% ашуун аялдар түзөт.
Билим берүү тармагында бала-бакчалар жетишсиз, айыл өкмөтүндө жыл бою иштөөчү эки гана бала-бакча бар. Жок эле дегенде жакынкы жылдарда жыл бою иштөөчү бардык айылдарга бирден бала-бакчаларды куруубуз зарыл.
Айылдык аймакта он мектеп болсо анын үчөөсү гана стандарттуу долбоор менен курулуп, азыркы шарттын талаптарына жооп берет, калган жети мектеп эски ашар ыкмасы менен салынган азыркы шарттын талаптарына жооп бербей турган имараттарда жайгашып, ал мектептердин дээрлик бардыгында актовой залдары, спорт залдары жок.
Ошондуктан жакынкы келечекте эскилиги жеткен азыркы шартка жооп бербеген мектептердин ордуна жаңы заманбап мектептерди куруубуз керек.
Биздин бул кадамыбыз билим сапатын жогорулатууга оң таасирин бермек.
Саламаттыкты сактоо тармагында бир оорукана жана беш ФАП айылдык аймактын калкына кызмат кылып келүүдө.
Оорукананын ичин, бөлмөлөрүн капиталдык ремонттоп жана таза суу менен 2014-жылы камсыздадык. 2015-жылга оорукананын сыртын капиталдык ремонттон чыгаруу керек. Ал эми ФАПтардын бирөөсү жаңыдан курулуп калган төрт ФАПты оңдоп түзөп, тосмолорун жаңыртуубуз керек.
Маданият тармагында бир борбордук Маданият үйү жана бир клуб элге кызмат өтөп келүүдө. Маданият үйүн толугу менен капиталдык ремонттоп, 2014-жылы чыгарылып, ички эмеректери жаңыртылды.
2015-жыл Кожо-Арык айылындагы клубду капиталдык ремонттон чыгарып ички эмеректерин жаңыртып берүү керек.
Спорт жаатында айыл аймагында бир борбордук стадион жана Кожо-Арык айылында спорт комплекс бар, бул жетишсиз. Жаштарды спортко тартуу үчүн айылдык аймакта жакынкы келечекте спорт залдарды, спорт аянтчаларын көбөйтүү керек.
Социалдык коргоо багытында жашоо шарты оор, жакыр жашаган катмарларга жеңилдетилген кредиттер, пособия айыл өкмөтү тарабынан атайын түзүлгөн социалдык комиссияда карап, жардамдар берилүүдө.
Коммуналдык (муниципалдык) менчик.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өзөгүн жаратылыш ресурстары жана жергиликтүү бюджет менен катар жергиликтүү муниципалдык (коммуналдык) менчик түзөт. Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Жогорку Кеңеши тарабынан жергиликтүү муниципалдык менчикке ээлик кылуу жана пайдалануу жөнүндө бир катар нормативдик-укуктук базалар жана тийиштүү мыйзамдар иштелип чыккан.
Т.Кулатов айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун органына айылдык аймагында жайланышып орун алган бир нече муниципалдык менчик обөектилер кирет.
Муниципалдык менчиктин тизмеси.
№ | Аталышы | Даана | Өздүк басы. Миң сом |
1 | Мектептер | 9 | 11 257 999 |
2 | Фельдшердик-Акушердик пункттар | 5 | 243 900 |
3 | Ооруканалар | 1 | 4 462 924 |
4 | Маданият үйү | 1 | 57 400 |
5 | Клуб | 1 | 49 300 |
6 | Спорт комплекси | 1 | 184 300 |
7 | Административдик имараттар | 1 | 448 563 |
| Жалпысы: |
| 16 704 386 |
Бул обөектилерден сырткары муниципалдык менчикке тиешелүү болгон акыркы 3 жылда жамааттык уюмдар, өз ара жардамдашуу топтору, айылдык инвестициялык бирикмелер жана айыл өкмөтү тарабынан жазылган проектилердин негизинде донор уюмдардан тартылып келинген (МерсиКО, МКМ, АБР, АРИС, ЮНИСЕФ, ЮСАИД, ПРООН) инвестициялардын жардамы менен курулган социалдык обөектилер кирет. Социалдык инфраструктураны өнүктүрүү. Т.Кулатов айылдык Кеңешинде 2017-жылга чейин мезгилде айылдагы социалдык проблемаларды чечүүнүн атайын программасы иштелип чыгып, айылдык Кеңешке кабыл алынган.
Бул программаны турмушка ашырууга ПРООН тарабынан уюштурулган «жамааттык уюмдар» жана «өз ара жардамдашуу группалары», АРИС программасынын айылдардагы «инвестициялык комитеттер» жана фокус группалары айылдык Кеңеш менен биргелешип салымдарын кошууда.
Т.Кулатов айылдык Кеңешинде 21 депутат анын ичинде 18 эркек, 3 аял айылдын өкүлү болуп кызмат кылууда, алар төмөнкүлөр:
№ | Аты жөнү | Билими | Кызматы | Туулган жылы |
Ажибаев Акимбек Муктарович | Жогорку | Айылдык кеңеш. төрагасы | 1963 | |
Каратаева Санавар Абдуллаевна | жогорку | Айыл. Кеңеш. Төраг. Орун бас. | 1969 | |
Авазов Муратали Арзыбекович | орто | дыйкан | 1974 | |
Боркош уулу Дамир | Жогорку | «Айылкурулуш» жет. | 1975 | |
Жунусов Раимжан Исаакович | орто | дыйкан | 1960 | |
Эргешов Абдилла | жогорку | Дыйкан | 1959 | |
Рустамов Кеңеш Кудайбердиевич | Атайын орто | Жайыт комитет. төрагасы | 1970 | |
Шамшиева Майрам Жанибековна | Жогорку | Бөкөнбаев о.м. дир. | 1968 | |
Ахмедов Шайдулла | Атайын орто | дыйкан | 1956 | |
Топчубаев Базарбай Ташматович | Жогорку | Колдошов о.м. дир. | 1965 | |
Базарбаев Нурали Колдошович | орто | дыйкан | 1970 | |
Разаков Маматусман | орто | Дыйкан | 1949 | |
Рахманкулов Заманбек | Жогорку | бухгалтер | 1978 | |
Абдырахманов Таш Маматалиевич | Жогорку | прорап | 1965 | |
Нарматов Жанибек Боронович | Жогорку | Бухгалтер | 1964 | |
Нарматов Илияз Сайпидинович | Атайын орто | «ТКЦ» охраник | 1964 | |
Омурзаков Кубат | орто | А-ө шофер | 1968 | |
Мурзаев Мухаммед Дыйканович | орто | дыйкан | 1966 | |
Дыйкан уулу Мамырали | орто | дыйкан | 1975 | |
Жолдошова Сайибжамал Абдыкаровна | жогорку | Баглан о.м. директору | 1973 | |
Алайчиев Мурзали | орто | СПА жетекчиси | 1950 |
Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга чейинки өнүгүүсүнүн стратегиялык планына ылайык аймактагы айылдардын калкынын талаптарын орундатуу максатында ар бир айылдарга кошумча социалдык обөектилерди куруу зарылдыгы эске алынган.
2.3. Өнөр жайы, кичи, орто бизнес жана акылуу кызмат көрсөтүү.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикасын өнүктүрүү өнөр жай тармагына көңүл буруп өнүктүрмөйүн тиешелүү жетишкендиктерге жетишүү мүмкүн эмес.
Ошондуктан айыл чарба продукцияларын кайрадан иштетүү боюнча кичи жана орто бизнести өнүктүрүүнүн көп жылдык планын иштеп чыгып, айылдык аймактын ар бир айылында цехтерди ачуу багытында иш алып баруу керек. 2015-жылы жок эле дегенде эки же болбосо мүмкүнчүлүккө карап көбүрөөк айыл чарба продукциялары кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу зарыл жана бул стратегиялык пландын иш-чарасына киргизилди.
Т.Кулатов атындагы башкаруу органынын жергиликтүү жамааттары ар кандай капиталдарды, инвестицияларды тартуунун үстүндө аракеттенишүүдө.
Айылдык аймакта ушул мезгилде 2 тегирмен, 1 майжубаз, 4 токарный цех, 2 автозаправка, 4 нан бышыруучу цех, 4 тигүү цехи, 3 мебель-жыгач цехи, 1 бышык кыш чыгаруучу цех, ошондой эле 29 соода түйүндөрү элге кызмат кылууда.
Келечекте айылдык өкмөтүнүн аймагында пахта аттыруучу цех, жашылча жемиштерди кайра иштетүүчү цехтерди жана кирпич чыгаруучу цехтерди куруу зарыл. Аталган цехтердин айылдык аймакта жоктугу дыйкандарды жана айыл чарба продукцияларды өндүрүүчүлөрдү көптөгөн чыгымдарга туш кылып, ири суммадагы кирешелердин кол жууп калуусуна алып келүүдө. Айылдык Кеңеши жана айыл өкмөт жетекчилиги кайра иштетүүчү кичи жана орто өнөр жай ишканаларды, цехтерди куруу негизги орундагы маселе экендигин баса белгилейт жана бул багытта чет элдик ошондой эле жергиликтүү инвесторлорду тартуу максаттуу деп эсептейт.
2.4. Айыл чарба тармагы.
Айыл чарба тармагындагы негизги ишти аялдар жасайт. Себеби ишке жарамдуу эркектер Россияга акча табууга кеткен. Айыл чарба продукцияларын өндүрүүдөгү аялдардын салымы 80% жогору. 2014-жылдын өтө оор келип, жаан чачын аз болуп кургакчыл болгондугуна карабастан Т.Кулатов айылдык аймагынын эли чымырканып иштөө менен айы-чарбасында төмөндөгүдөй ийгиликтерге жетиштик. Атап айтсак кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү жана дүң жыйымы төмөнкүдөй болду:
Айылдык аймагы боюнча быйылкы жылдын өтө оор келип, аба-ырайы кургак болгондугуна карабай чөп-чар талаада эгиндин шактарында жакшы өсүп кесек тоют даярдоонун планы ашыгы менен аткарылды. 4 миң тонна кесек тоют анын ичинен 2473 тоннасы чөп, калганы саман жана жүгөрү паясы. Май өсүмдүгү 68 га себилип, дүң түшүм 62,7 т жыйналып түшүмдүүлүк 9,2 ц/га түздү. Картошка жана жашылчаларды өндүрүү боюнча план 187,7 га картошка отургузулуп, дүң жыйым 3290 т түздү. Түшүмдүүлүк 175,2 ц/га жашылчадан 140 га отургузулуп, 2800 т түшүм жыйналып алынды. Түшүмдүүлүк 200 ц/га болду.
2014-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан эгиндеринен жалпысынан 1225 га себилип, суулууга 525 га, кайракка 700 га аткаруу 100% болду. 687 га тоңдурмага калтырылды.
2014-жыл айыл чарба жылында айыл өкмөтүнүн аймагындагы дыйкан, фермер, чарбалык субөектилер үчүн айыл чарба продукцияларын өндүрүү, индикативтик пландарды аткарууда, айыл чарба эгиндеринен жогорку түшүм өндүрүү агротехникалык эрежелерди жана агротехникалык, минералдык жер семирткичтерди туура пайдалануу менен жогорку сапаттуу түшүм алууга жетишти.
№ | Эгиндин түрү | 2013-жыл | 2014-жыл | Аткаруу % | |||
Аянты га | Түшүмдүүлүк | Бардыгы | Түшүмдүүлүк | Бардыгы | |||
1 | Суулуу буудай | 510 | 32 | 1632 | 33 | 1683 | 103,1 |
2 | Кайрак буудай | 510 | 13 | 659 | 13 | 665 | 101 |
3 | Жүгөрү дан | 120 | 68 | 816 | 70 | 840 | 102 |
4 | Арпа | 70 | 12 | 84 | 12 | 84 | 100 |
5 | Бардык дан | 1090 | 29 | 3191 | 30 | 3272 | 102 |
6 | Тамеки | 30 | 25 | 75 |
|
| 93 |
7 | Картошка | 2010 | 83 | 1751 | 173 | 3633 | 173 |
8 | Жашылча | 140 | 89 | 1254 | 200 | 2800 | 223 |
9 | Май өсүмдүгү | 68 | 9 | 578 | 10 | 170 | 260 |
10 | Мөмө жемиш | 110 | 82 | 910 | 84 | 930 | 102 |
11 | Бардык кесек тоют |
|
| 3778 |
| 4220 | 102 |
12 | Анын ичинен чөп |
|
| 1411 |
| 2473 | 175 |
13 | Саман |
|
| 2367 |
| 1747 | 80 |
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн эгилүүчү айыл чарба эгиндеринин божомолу 2015-2017-жылдар
№ | Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү | 2014-жыл | 2015-жыл | 2016-жыл | 2017-жыл | ||||||||
Бар.жер | суулуу | кайрак | Бард.жер | суулуу | кайрак | Бард.жер | суулуу | кайрак | Бард.жер | суулуу | кайрак | ||
1 | Жалпы айдоо аянты | 1864 | 1235 | 629 | 1922 | 1332 | 590 | 1831 | 1366 | 465 | 1981 | 1376 | 605 |
| Бардык дан | 1320 | 1045 | 275 | 1350 | 1110 | 240 | 1400 | 1140 | 255 | 1430 | 1155 | 275 |
| А.и.кылк.дан | 925 | 650 | 275 | 930 | 690 | 240 | 940 | 900 | 255 | 930 | 655 | 275 |
| күздүк буудай | 650 | 650 |
| 640 | 640 |
| 650 | 650 |
| 630 | 630 |
|
| Жаздык буудай | 230 |
| 230 | 250 | 40 | 210 | 240 | 20 | 220 | 250 | 15 | 235 |
| Жаздык арпа | 45 |
| 45 | 40 | 10 | 30 | 45 | 10 | 35 | 50 | 10 | 40 |
| Жүгөрү дан | 350 | 350 |
| 360 | 360 |
| 380 | 380 |
| 400 | 400 |
|
| Тоо буурчак | 45 | 45 |
| 60 | 60 |
| 80 | 80 |
| 100 | 100 |
|
2 | Картошка | 126 | 126 |
| 150 | 150 |
| 160 | 160 |
| 160 | 160 |
|
3 | Жашылча | 60 | 60 |
| 70 | 70 |
| 65 | 65 |
| 60 | 60 |
|
4 | Май өсүмдүгү | 200 |
| 200 | 220 |
| 220 | 210 |
| 210 | 220 |
| 220 |
5 | Бакча |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
6 | Тамеки | 4 | 4 |
| 2 | 2 |
| 1 | 1 |
| 1 | 1 |
|
7 | Көп жылдык чөп | 796 | 796 |
| 810 | 810 |
| 800 | 800 |
| 800 | 800 |
|
8 | Пар | 154 |
| 154 | 130 |
| 130 | 120 |
| 120 | 110 |
| 110 |
9 | Пайдаланылб.жер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
10 | Өнөр жай | 71 | 71 |
| 71 | 71 |
| 71 | 71 |
| 71 | 71 |
|
Айыл чарбасында негизги проблемалар
Айыл чарбасында жерди рационалдуу пайдалануу үчүн интенсивдүү методдун негизинде төмөнкүдөй иш чараларды аткаруу керек.
Ø Жердин аз аянтынан көп түшүм алуу;
Ø Сапаттуу үрөөн менен камсыздандыруу (жогорку түшүм берүүчү сорттор);
Ø Техсервистерди уюштуруу;
Ø Көп жылдык беде, эспарцеттердин аянттарын көбөйтүү;
Ø Чет элдик инвесторлорду тартуу;
Ø Айыл чарба кооперативдерди уюштуруу;
Ø Жер-жерлерде окуу семинар кеңешчелерди өткөрүү;
Ø Пар айдоо, которулуштуруп айдоонун жолун дыйкандарга түшүндүрүү;
Ø Дыйкандарды колдоо үчүн жеңилдетилген товардык кредиттерди берүү;
Ø Айыл чарба жерлерин өз убагында суу менен камсыздоо;
Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн негизги проблемалары жетишээрлик деңгээлде аткарылса, Т.Кулатов атындагы айылдык аймагы 2015-2017-жылдардагы экономикалык жактан өсүп өнүгүүсүнө шарт түзүлөт.
Айылдык аймакта 2015-2017-жылдардын ичинде дан үрөөнчүлүк кооперативдерди түзүп, дыйкандар үчүн кызмат кылуу пландаштырылып жатат.
/рөөнчүлүк чарбалар сапаттуу үрөөндөрдү өндүрүп, тиешелүү айыл чарба кооперативдерге, дыйкан чарбаларга берип турууну колго алыш керек. Жумуш орундарын түзүү башка маселе. Т.Кулатов атындагы айыл аймагында чечилбей келе жаткан көйгөйлүү, орчундуу маселесин чечүүгө убакыт жетти. Аларды чечүү менен дыйкан, фермер чарбаларыбызга жол ачкан болобуз. Анын натыйжасында райондун жана облустун дыйкан, фермерлерин, кооперативдерин мол түшүм берүүчү сапаттуу үрөөндөр менен камсыз кылабыз жана казынабызга кирешелерди түшүрөбүз деген үмүттөрүбүз бар.
2.5. Т.Кулатов атындагы айылдык аймактын мал чарбачыгын өнүктүрүү
Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын мал чарбачылыгынын экономикалык өнүгүшүн жогорулатуу негизги милдеттерге кирет. Мал чарбачылыкты өстүрүү үчүн мал жайыттарын натыйжалуу пайдалануу, тоют базасын жетишээрлик бар экендиги өтө манилүү. Айылдык аймакта малдардын пародалары өстүрүлөт жана багылат. Малдардын асыл тукумдуулугун арттырууда жасалма жол менен уруктандырууга жетишүү негизги милдеттердин бири болуп саналат.
Азыркы мезгилде Кыргызстандын бажы союзуна кириши айыл чарба продукцияларын айрыкча мал чарба продукцияларын Россия, Белорусия, Казакстанга экспорттоого жол ачат. Бул биздин айылдык аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн эң чоң мүмкүнчүлүгү болмокчу.
Мал чарба продукцияларын өндүрүү тонна эсебинде
Аты | план | аткарылганы | % |
Эт | 1134 | 1123 | 99 |
Сүт | 2745 | 2685 | 98 |
Жумуртка /д | 385 | 465 | 120 |
Жүн | 29 | 29 | 100 |
Мал чарбасы боюнча 2013-жылга салыштырганда өсүү темпи айыл өкмөтү боюнча төмөнкүдөй:
Аты | 2013-жыл | 2014-жыл | Өсүү темпи |
Эт | 1114 | 1125 | +11 |
Сүт | 3116 | 3147 | +31 |
Жумуртка /д | 479 | 488 | +9 |
Жүн | 27,7 | 28,8 | +1 |
Мал чарбачылыгынын бүгүнкү күндөгү абалы жана проблемалары:
Айылдык аймагынын 2012-2014-жылдар аралыгында өндүрүлгөн мал чарба продукцияларынын динамикасы:
Продукциялар | 2012-жыл (тонна) | 2013-жыл (тонна) | 2014-жыл (тонна) |
Эт (тирүүлөй салмакта) | 1103 | 1114 | 1125 |
Сүт | 3049 | 3116 | 3147 |
Жумуртка (даана) | 469 | 479 | 488 |
2012-2014-жылдарда малдын жана үй канаттуулардын баш санынын өсүшүнүн динамикасы:
Малдын аты | 2012 | 2013 | 2014 | |||
жалпысы | тубары | жалпысы | тубары | жалпысы | тубары | |
ИММ | 3804 | 2142 | 3827 | 2320 | 4089 | 2300 |
МЖ | 10825 | 7161 | 10986 | 7452 | 11059 | 5950 |
Жылкылар | 905 | 873 | 752 | 855 | 765 |
|
Тооктор | 6817 | 4226 | 7054 | 4373 | 7170 | 4445 |
2010-2012-жылдарда малдын жана үй канаттуулардын продуктуулугунун динамикасы:
Көрсөткүчтөр | Өлчөө бирдиги | 2012 | 2013 | 2014 |
Ар бир уйдан орточо сүт алуу | кг | 8,3 | 9,2 | 9,4 |
Ар бир койдон орточо жүн алуу | кг | 2,9 | 3,10 | 3,1 |
Ар бир мекияндан жумуртка алуу | даана | 58 | 61 | 64 |
Мал чарбачылыкты өнүктүрүү, анын продуктуулугун көтөрүүнүн негизи асыл тукумдуулукту өстүрүү экендиги белгилүү. Малдарды асыл тукумдаштыруу продуктуулугун жогорулатуу айылдык аймакта кийинки 5-10 жылдын ичинде көңүл буруп келет. Бирок акча каражаты жетишсиздик болгондуктан көздөгөн максаттар ишке ашырылбай келүүдө. 2015-2017-жылдардын ичинде айыл аймакта зооветеринардык сервистерди уюштурууга өтө көңүл бурулмакчы. Малдын асыл тукумдуулугун өстүрүү, продуктуулугун жогорулатуу максатында жасалма жол менен уруктандыруу малдын ар кандай ооруларына күрөшүү, жайыттарды туура, натыйжалуу пайдалануу, тоют базасын чындоо эң башкы бирден-бир булак болуп эсептелет:
Продукциялар | Өлчөө бирдиги | 2014 | 2015 | 2016 | 2017 |
Эт | тонна | 1114 | 1125 | 1135 | 1180 |
Сүт | тонна | 3116 | 3147 | 3165 | 3200 |
Жумуртка | Миң даана | 479 | 488 | 490 | 500 |
Жүн | тонна | 27,7 | 27,8 | 28,0 | 28,9 |
2015-2017-жылдарда мал жана үй-канаттууларынын баш санынын өсүшү жөнүндө божомол:
Малдын түрлөрү | Өлчөө бирдиги | 2015 | 2016 | 2017 |
Ири мүйүздүү малдар | баш | 4089 | 4138 | 4200 |
А.и. уйлар | баш | 2129 | 2300 | 2500 |
Майда жандыктар | баш | 11059 | 11000 | 11500 |
А.и. тубары | баш | 8598 | 8500 | 8600 |
Жылкылар | баш | 855 | 870 | 900 |
А.и. бээлер | баш | 780 | 280 | 300 |
Тооктор | баш | 7170 | 7200 | 7500 |
Мекияндар | баш | 3677 | 3200 | 3400 |
Айылдык аймакта майда мүйүздүү малдарды өнүктүрүү 2015-2017-жылдарда өтө чоң көңүл бурулмакчы. Жайыттарыбыз кой-эчкилерди багып өстүрүүгө ыңгайлуу шарттары бар. Жергиликтүү кой-эчкилер менен башка пародадагыларды аргындаштыруу жөнүндө максаттуу иштерди алып барууга мүмкүнчүлүк түзүү пландаштырылып жатат. Жалпы мал чарбасында өндүрүлүп алына турган продукциялардын божомолу жогорку таблицаларда көрүнүп турат. Айылдык аймагы 2015-2017-жылдар ичинде ири-мүйүздүү жана майда мүйүздүү малдарды жылкы, топоз, коен, тоок, аарычылык чарбачылыктарын кооперативдик метод менен жана дыйкан, фермер чарбаларды өнүктүрүп өстүрүүнү колго алат.
Мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын аткаруунун механизми:
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жамааттар, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы, ветеринардык башкармалык, коомдук бирикмелер, ассосациялар, мамлекеттик эмес уюмдар менен тыгыз иш алып барып, мал чарбачылыкты өнүктүрүүдө келип чыккан проблемалар жөнүндө жогорку органдар менен биргеликте аларды жоюу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, турмушка ашыруу керек.
2.6. Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын жайыт жана ветеринария кызматын өнүктүрүү
Т.Кулатов атындагы айылдык аймактын мал чарбасын өнүктүрүүдө жайыттарды натыйжалуу пайдаланууга көңүл буруу керек. Бул үчүн айылдык аймакта атайын жайыт комитети түзүлүп, аны айылдык кеңештин депутаты Рустамов Кеңеш жетектеп келүүдө жана 2014-жылы жайытты натыйжалуу пайдаланууда, алыскы жайыттарга баруучу жолдорду оңдоп түзөө булактардын көзүн ачып тазалоодо көпүрөөлөрдү курууда ж.б. иштерди аткарууда бир топ ийгиликтер жаратылды. 2015-жылы жана 2016-2017-жылдарга жайыттарды натыйжалуу пайдалануу жана ветеринария тармагынын өнүктүрүү стратегиялык планы түзүлүп, анын иш-чарасы иштелип чыкты.
Жайыт комитетинде негизинен эркектер иштетет, жайыт комитетинин жетекчилигине мындан ары аялдарды ишке тартуу боюнча иш-чара кабыл алып, гендердик балансты сактоого аракет жасоосун сунуш кылыбаз.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата жайыт жана ветеринария тармагынын өнүгүүнүн стартегиялык планы:
№ | Жумуштун аталышы | Аткаруу орду | Жалпы сумма | Аткаруу мөөнөтү |
1 | Мал жандыктарын паразитардык оорудан арылтуу үчүн купка куруу | Шейит мазар участкасы | 120 000 | 2015 |
2 | Доңуз-Булак, Полу, Долоно булактарын оңдоо | Туура Кыр жайыты | 90 000 | 2015 |
3 | Жаңгак сымал(бадам, писта) дарактардын уругун эгүү, кароо | Кара-Добо участкасы | 30 000 2015 |
|
4 | Коңшулаш айыл өкмөтүнүн жайыт комитеттери менен биргеликте оор техника (эксковатор, погрузчик, камаз) сатып алуу |
| 1 000 000 | 2015-2017 |
5 | Жайыттагы тоюттун асылдуулугун, түрүн, аш болумдуулугун анализдөө үчүн изилдөө | Зор-Булак, Ашкабак-Ой | 40 000 | 2015 |
6 | Бак-Арча, Көк-Жалаң, Чүңкөй жайыт жолдорун оңдоо |
| 180 000 | 2016 |
7 | Жаңгак сымал (бадам, писта) дарактарын отургузуу | Чалташ участкасы | 40 000 | 2016 |
8 | Жайытты жакшыртууга шыбак уругун себүү | Кызыл жайыты | 25 000 | 2016 |
9 | Жайыт комитетинин жана ветеринардык адистерди унаа менен (жумушчу ат, велосипед, мотоцикл, жеңил машина) |
| 200 000 | 2016-2017 |
10 | Ветеринардык сервиске керектүү шаймандарды сатып алуу |
| 60 000 | 2016 |
11 | Жайыттагы тоюттун асылдуулугун, түрүн, аш болумдуулугун жогорулатуу максатында жайыт участкаларын мал чыгарбай кароо эрте жаздан чөп гүлүн төгүпбүткөнчө (жылына белгилүү участканы көзөмөлдөө) |
| 120 000 | 2016-2017 |
12 | Кээ бир аябай такырланган жайыттагы тоюттун асылдуулугун, түрүн, аш болумдуулугун жогорулатуу максатында жайыт участкаларын тосуу менен бирге жаңгак сымал(бадам, писта) дарактарынын уругун себүү-чоңойгончо көзөмөлдөө | Кызыл жайыты | 180 000 | 2016-2017 |
13 | Булактарды оңдоо | Мечиттүү-ОЙ, Дам | 80 000 | 2017 |
14 | Абшыр-Капчыгай жолундагы жыгач көпүрөө оңдоо | Данги | 300 000 | 2017 |
15 | Мал чарбасын өнүктүрүүдө жайыт жана ветеринардык адистердин иштөөсүнө шартты жакшыртууга иш орду кеңсе куруу | Кожо-Арык | 5 000 000 | 2017 |
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата мал-чарба жана ветеринария тармагынын өнүгүүнүн стратегиялык планы:
Т.Кулатов айыл аймагында 2015-жылдын 1-январына карата төмөнкү мал жандыктары катталган:
Кара мал | Кой | Эчки | Жылкы | Канаттуу лар | Ит | Мышык | ||||
Баары | Уйлар | Баары | Соолук | Баары | Тубар | Баары | Бээ | |||
4179 | 2605 | 7019 | 4599 | 5315 | 3234 | 798 | 275 | 7426 | 519 | 181 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Мал санын жыл сайын өнүктүрүү менен анын асыл тукумдуулугун жогорулатуу максатында уйларды жасалма жол менен уруктандыруу пункту уюштурулган. Мал чарбасын ветеринардык тейлөөдө азыркы күндө эки ветсервис иш алып барууда. Бирок алардын иштөөсү үчүн орду белгиленген эмес. Ошондуктан 2016-жылга бир ветсервисине иш орун менен камсыздоо керек, ошол эле учурда куут пункту да уюштурулмак. Муну менен эле чектелбестен ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу максатында сервистердин санын көбөйтүү - ар бир айылга бирден ветсервис ачуу менен 2019-алардын санын алтыга жеткирүү.
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында ветеринардык санитардык эрежелерди сактоо менен эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо максатында – атылган ит-мышык, арам өлгөн мал жандыктарды залалсыздандыруу үчүн Бэккер чуңкурун 2015-жылы куруу.
Мал жандыктарын союуда ветеринардык көзөмөлдү жөнгө салуу үчүн 2016-2017-жылдары айылда мал союучу жайды уюштуруу.
Мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы аткарылгандан кийинки күтүлүүчү жыйынтык:
Айыл аймагында мал чарбачылыкты өнүктүрүү иштери толугу менен аткарылган учурда айылдын эли мал чарба продукциялары менен камсыз болуп, импорттук товарлар менен келишими төмөндөп, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Асыл тукум малдарынын баасы жогору болуп, баш саны көбөйөт, ветеринардык жактан тейлөө жакшы жолго коюлат. Айыл аймагында ар бир тукум селекция иштерин жогорку деңгээлде уюштуруу менен асыл тукум малдарынын баалуулугу жогорулайт.
2.7. Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын суу пайдалануучулар ассосациясынын ишинин натыйжалуулугун арттыруу.
2015-жылга аткара турган СПАнын жумуштары
2.8. Абшыр Таза суу ишканасынын ишин жандандыруу.
Т.Кулатов атындагы айылдык аймактын жарандарын таза суу менен камсыздоодо көптөгөн көйгөйлөр бар.
Айылдык аймактын калкына толугу менен таза суу менен камсыз болгон эмес буга жаңы конуштар улам кошулууда. Таза суу менен камсыз болгон жерлерде да көйгөйлөр көп, көптөгөн жерлерде трубалар жарылып, суулар талаа кетип жаткан жерлер да жок эмес. Суулар колонкаларда тетиктердин жоктугунан дайыма агып турат. Ушул маселелерди чечүү максатында айыл өкмөтүндө 2015-2017-жылдарга өнүгүү планы иштелип чыкты. Ушул план боюнча жакынкы келечекте Абшырдагы Таза суунун башатын капиталдык оңдоп түзөө ишин бүткөрүү.
Баглан айылынын элин таза суу менен камсыздоодо жарандардын баарынын үйлөрүнө таза сууну киргизип берүү ж.б. каралган.
Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2015-жылга Таза сууга аткарылуучу иштердин планы:
№ | Кайсыл жерге | Иштин түрү | Өлчөө бирдиги | Баасы | Жалпы баасы | Аткаруу убактысы | Эскертүү |
1 | Шаран-Сай | Труба метал 0,32 | 300 м | 140 с | 42 000 | Июнь |
|
2 | Абшыр-Сай | Труба полетл. 0,75 | 2000м | 140с | 28 0000 | Июль |
|
3 | Така-Маала | Труба полетл. 0,75 | 250м | 140с | 35 000 | Май |
|
4 | Кош-Дөбө | Труба полетл. 0,75 | 3250м | 140 с | 455 000 | Май |
|
5 | Шайит-Мазар Абшыр-Сай | Труба метал 325 | 70м | 4000с | 280 000 | Апрель |
|
6 | Шаркыратма | Цемент | 10 т |
|
|
|
|
7 | Шаркыратма | Арматура 0,15 | 500м | 55с | 27 500 | Апрель |
|
8 | Шаркыратма | Кум шагал | 10 м3 |
| 30 000 | Апрель |
|
9 | Чорголорду оңдоо, Т.Кулатов айыл аймагындагы |
| 75даана | 200с | 150 000 | III-IV |
|
10 | Сак | сак | 1 даана | 60 000 | 60 000 | Март |
|
11 | Насос | Насос | 1 даана | 5000 | 5000 | Март |
|
| Жалпы: |
|
|
| 1 364 500 |
|
|
2.9. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн астында уюшулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасын өнүктүрүү жөнүндө.
Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын тазалыгын камсыздоодо, айыл өкмөтүнүн алдындагы «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасы 2014-жылы түзүлүп, айылдык аймагынын тазалыгын сактоодо бир топ иштер аткарылып, айылдык аймактын акыр-чикирлерин алып барып төгүүчү атайын жайды даярдашып, айланасын тосушуп, айылдык аймактын айылдарынан чыккан акыр-чикирлерди ошол жерге төгүп жатышат.
«Айылкурулуш» ишканасы Кожо-Арык айылынын «Шаран-Сайдагы» көпүрөсүн жана Кош-Дөбөдөгү эстеликти оңдоп түзөп, айланасын тосушту. Айыл өкмөтүнүн эсебине келген комбайнды иштетишип, анын ижара акысын алышып, өздөрүнүн киреше бөлүгүн толукташууда.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюштурулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасынын 2015-2017-жылдарга чейинки өнүгүүнүн стратегиялык планында. Айылдык аймакты акыр-чикирден тазалоого керектелүүчү техникалар менен камсыздоо (ГАЗ-53, дизель авто унаасы, мусоровоз, погрузчик, комбайн). Айыл өкмөтүн жашылдандыруу көрктөндүрүү, айыл ичиндеги эски көпүрөөлөрдү куруу, аялдамаларды куруу, таштанды урналарын орнотуу, Бэккер чуңкурун бүткөрүү. Негизги жолдорго кышкы мезгилде гүмүн, шлак, кум төгүү иштери ж.б. каралган. Таблицаны кара.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган
«Айылкурулуш» муниципалдык ишканасынын 2015-жылдан
2017-жылга чейинки стратегиялык иш планы.
№ |
Муниципалдык аткарылуучу иш чаралары
|
Аткаруу мөөнөтү |
Ким аткарат |
Баасы |
1 | Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасын техника менен камсыздоо (Газ 53 дизель, мусоровоз, трактор, погрузчик, комбайын, | 2015-жыл 2017-жыл | Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн жетекчилиги. Т.Кулатов айыл кенешинин депутатары. | 15 840 000 |
2 | Айыл өкмөтүнүн жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери. Бардык айылдарда | 2015-2016-жыл | «Айылкурулуш» муниципалдык иш канасынын жетекчилиги, айыл өкмөтүнүн жетекчилиги. | 100 000
|
3 | Айыл ичиндеги эски көпүрөөлөрдү куруу, Шайит мазар, Кен-сай, Чүчүк жаны конуш, Култай мечит, Баглан, Сары-Талаа, Кош-Дөбө көпүрөлөрү. | 2015-жыл | «Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы айыл башчылар менен биргеликте | 2 500 000 |
4 | Аялдамаларды куруу, Ак-Терек, Кожо-Арык, Баглан, Кумайдан, Кулуштан. | 2015-2016-жыл | «Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы айыл башчылар менен биргеликте | 948 000 |
5 | Таштанды салуучу урналарды орнотуу, Бардык айылдарда | 2015-жыл | «Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы айыл башчылар менен биргеликте | 900 000 |
6 | Беккер чункур ( ямасы), Баглан айылынын күнгөй тарабы. | 2015-2016-жыл | «Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы айыл башчылар менен биргеликте | 500 000 |
7 | Негизги жолдорго кышкы мезгилдерде гүмүн, шлак, жана кум төгүү иштери. Негизги жолдор, бардык айылдарда | 2015-жыл | «Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы, айыл башчылар | 50 000 |
8 | Муниципалдык менчиктеги мекемелерди оңдоп түзөө иштери (тосмо менен тосуу жана туалет), Абшыр-Сай ФАП, Баглан ФАП. | 2015-жыл | «Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы , айыл өкмөтүнүн жетекчилиги | 180 000 |
9 | Айыл өкмөтүнүн ички жолдоруна шагал төшөө иштери. Бардык айылдарда | 2015-жыл | «Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы айыл башчылар менен биргеликте | 500 000 |
10 | ЮКЦнын батыш тарабындагы муниципалдык менчиктеги цемент ташуучу авто унаалар токтоочу жайды даярдоо иштери | 2015-жыл | «Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы, айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жана жер адиси.
| 100 000 |
11 | Айыл өкмөтүнүн айылдарында санитардык коргоо иштерин (ит, чөө бөрүү ж.б ушул сыктуулар). Бардык айылдарда | 2015жыл 2017-жыл | «Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы , Вет. Сервис, Жайыт комитетинин жетекчилиги менен | 400 000 |
12 | Таш-Булак айылынын жаны түшүүчү мазарын тосуу жана навес куруу. Таш-Булак айылы. | 2015-жыл | Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилиги | 500 000 |
13 | Т.Кулатов өкмөтүнүн бардык айылдарынын мазарына 10 даанадан отургуч жасоо жана көрктөндүрүү жашылдандыруу иштери. Бардык айылдарында. | 2015-жыл | «Айылкурулуш» муниципалдык иш канасы айыл башчылар менен биргеликте | 185 000 |
14 | Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына бир даана САК электр аспабы жана ширетүүчү аспаб. | 2015-жыл | Т.Кулатов айыл кенешинин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн жетекчилиги | 40 000 |
15 | ЮКЦнын түндүк батыш тарабында жайгашкан муниципалдык менчиктеги аянчасынын мал базар, дыйкан базар жер аянчасын бөлүп берүү жана каржылоо | 2015-2016-жыл | Т.Кулатов айыл кенешинин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн жетекчилиги. Жер адиси. | 5 000 000 |
16 | Таштандыны карай иштетүүчү кичи завод | 2017-жыл | Т.Кулатов айыл кенешинин депутаттары жана айыл өкмөтүнүн жетекчилиги. Жер адиси. |
|
III. Инвестиция жана ишмердүүлүк.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизин ички жана сырткы инвестицияларды тартуу түзөт. Ошондуктан айылдык аймакты өнүктүрүүдө ички жана сырткы инвестицияларды тартууга өтөмаани берилип, көңүл бурулупкелүүдө.
2014-жылда айылдык аймактын социалдык-экономикалык тармактарын өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн 27 долбоор даярдалып, айылдык аймакта 80,6 млн сомдук жумуш аткарылып, анын ичинен 7,5 млн республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджеттен 20,3 млнсомду, ПРООНдун демөөрчүлүгү менен – 453 миң сом. Бул тууралуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2014-жылындагы аткарган иштери жөнүндөгү маалыматтан таанышсаңыздар болот.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө 2015-2017-жылдарга 326,9 млн инвестиция тартып келүү пландалууда (таблицаны кара), анын ичинен айыл өкмөтүнүн салымы 128,4млн түзмөкчү. Инвесторлорду тартууда айыл өкмөтү айылдык Кеңештин депутаттарына, коомдук уюмдарга АДКларга, Аялдар кеңешине, жаштар кеңештерине, айыл өкмөтүнүн активдерине жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине таянып иш жүргүзүлмөкчү.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн инвестициялык долбоорлору 2015-2017-жылдар үчүн божомол
№ | Долбоордун аталышы | Долбоордун жалпы акчасы млн.сом | А.ө мүмкүн чүлүгү бар млн.сом | Айырмасы суралуучу акча млн.сом | Кимдер тарабынан аткарылат | Күтүлүүчү жыйынтык |
1 | Т.Бекиев орто мектебинин имаратын бала бакчавга ыңгайлаштыруу | 1,9 | 1,0 | 0,9 | Донорлор ж.б | Билим сапаты жакшырат. |
2 | Кош-Дөбө айылына бала бакча куруу | 22,0 | 4,0 | 18,0 | Донорлор ж.б | Билим сапаты жакшырат. |
3 | Баглан айылын таза суу менен камсыздоо | 4,8 | 2,0 | 2,8 | Донорлор ж.б | Элдин ден соолугуна кам көрүлөт. |
4 | Баглан орто мектебинин жаңы имаратын куруу | 60,0 | 30,0 | 30,0 | Донорлор ж.б | Билим сапаты жакшырат. |
5 | Кантордун капремонту | 3,0 | 1,5 | 1,5 |
| Иштегенге жагымдуу шарттар түзүлөт. Элдин маанайы көтөрүлөт. |
6 | Тешик-Таштын жолун асфальттоо жана арка орнотуу | 33,0 | 18,0 | 15,0 | Донорлор ж.б | Облустун, райондун жана башка а.ө барууга ыңгайлуу автокаттам түзүлөт. |
7 | Стадионду капремонттон өткөрүү | 2,5 | 1,5 | 1,0 | Донорлор ж.б | Элдин ден соолугун чыңдоо максатында |
8 | Кызыл-Кия шаары тараптан Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө кире бериште кыргыз үйдү жана Арканы капремонттон чыгаруу | 1,5 | 1,0 | 0,5 | Донорлор ж.б | Элдин маданий денгээли жогорулайт. |
9 | Ак-Чал айылына балдар бакчасын куруу | 8,0 | 4,0 | 4,0 | Донорлор ж.б | Билим сапаты жакшырат |
10 | Кызыл-Булак айылынын Сарыбай участкасына балдар бакчасын куруу | 8,0 | 4,0 | 4,0 | Донорлор ж.б | Билим сапаты жакшырат |
11 | Т.Айбашов атындагы о.мектебине спорт комплексин куруу (Искусственный поля) | 20,0 | 10,0 | 10,0 | Донорлор ж.б | Жаштарды спортко тартуу жана элдин ден соолугун чыңдоо. |
12 | Кош-Дөбө айылына ФАП куруу | 1,5 | 1,0 | 0,5 | Донорлор ж.б | Ден соолукту чыңдоого кам көрүлөт |
13 | Ак-Терек айылына балдар бакчасын куруу | 8,0 | 4,0 | 4,0 | Донорлор ж.б | Билим сапаты жакшырат |
14 | Кожо-Арык айылына кайра иштетүүчү мини цех сок куруу | 2,3 | 1,0 | 1,3 | Донорлор ж.б | Айыл өкмөттүн экономикасын көтөрүүгө оң таасирин тийгизет. |
15 | Баглан айылынын кайрак үлүш,жаңы конушуна Кожо-Арык каналынан труба менен суу жеткирүү | 2,0 | 1,0 | 1,0 | Донорлор ж.б | Элдин жашоо-шартына ыңгайлуулук түзүлөт. |
16 | Апшыр-Ата мектебинин спорт залын куруу | 5,0 | 2,5 | 2,5 | Донорлор ж.б | Жаштар спортко тартылып, ден соолугу чың болот. |
17 | Бекиев участкасындагы эски мечиттин ордуна ФАП куруу | 2,0 | 1,0 | 1,0 | Донорлор ж.б | Ден соолукту чыңдоого кам көрүлөт. |
18 | Т.Бекиев атындагы орто мектебинин жолун асфальттоо | 1,5 | 1,0 | 0,5 | Донорлор ж.б | Билим берүүгө таасир этет |
20 | Апшыр-Ата спорт комплексине жылытуу системасын киргизүү | 500 000 | 200 000 | 300 000 | Донорлор ж.б | Жаштар спортко тартылып ден соолугу чыңалат. |
21 | Кереге-Таштагы көк бөрү ойноочу жайга элдер көрүү үчүн жай куруу | 600 000 | 300 000 | 300 000 | Донорлор ж.б | Элдин маданий деңгээли жогорулайт. |
22 | С.Эргешов атындагы балдар бакчасынын канализациясын, водопроводун жана туалеттин жаңыдан куруу. 4 бөлмөгө пол төшөө. | 800 000 | 400 000 | 400 000 | Донорлор ж.б | Билим сапаты жакшырат |
23 | Кожо-Арык айылындагы борбордук жолдон карьердин жолуна чейин асфальт төшөө. Узундугу 1 км. | 5,0 | 2,5 | 2,5 | Донорлор ж.б | Элдер үчүн каттоого ыңгайлуу шарт түзүлөт. |
24 | Кожо-Арык айылынын борборуна спорт зал куруу | 5,0 | 2,5 | 2,5 | Донорлор ж.б | Дени сак эл, дени сак улут! |
25 | Култай мечитинин багынын ордуна балдар бакчасын куруу | 12,0 | 6,0 | 6,0 | Донорлор ж.б | Билим сапаты жакшырат |
26 | Тоо-лыжа базасын куруу | 15,0 | 5,0 | 15,0 | Донорлор ж.б | Туризмди өнүктүрүү. |
27 | Кулуштан орто мектебинин имаратын куруу | 50,0 | 1,0 | 49,0 | Республикалык бюджет | Билим сапаты жакшырат. |
28 | Таш-Булак айылына балдар бакчасын куруу | 8,0 | 4,0 | 4,0 | Донорлор ж.б | Билим сапаты жакшырат. |
29 | Таш-Булак айылына кеткен жолду асфальттоо | 8,0 | 4,0 | 4,0 | Донорлор ж.б | Элдерге каттоого ыңгайлуу шарт түзүлөт. |
30 | Кожо-Арык айылынын ички жолун асфальттоо | 8,0 | 4,0 | 4,0 | Донорлор ж.б | Элдерге каттоого ыңгайлуу шарт түзүлөт. |
31 | Ак-Чал – Кош –Дөбө айылынын борбордук жолуна асфальт төшөө | 8,0 | 4,0 | 4,0 | Донорлор ж.б | Элдерге каттоого ыңгайлуу шарт түзүлөт. |
32 | Апшыр-Сай жолуна асфальт төшөө | 12,0 | 6,0 | 6,0 | Донорлор ж.б | Элдерге каттоого ыңгайлуу шарт түзүлөт |
IV. Энергетика
Т.Кулатов атындагы айыл аймагында эң орчундуу маселелердин бири айыл калкынын электр энергиясынан пайдалануусу күндөн-күнгө төмөндөп барууда.
Жогорку чыңалуудагы жыгач столбалар чирип, күн өткөн сайын иштетүүгө жараксыз абалга келүүдө.
Мурдагы тартылган электр зымдары эскирип, күчүн жоготту. Жаңы салынган турак-жай конуштарга электр линиясын тартып берүү көйгөйлүү, орчундуу маселе болуп барууда.
Мүмкүнчүлүктөр болсо дарыя, суу, шамал менен күндүн таасиринен электр энергиясын пайда кылуучу мини станцияларды курууну дагы ойлонушуп издөөбүз керек. (Иш чарага кошулду).
Жаңы конуштарда жашаган жарандарды 2015-2017-жылдардын ичинде электр энергиясы менен камсыз кылышыбыз зарыл. Жалпы айыл өкмөтүнүн калктуу пунктарын электр энергиясы үчүн өз убагында төлөөсүн камсыздоо багытында терең түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-2017-жылдарга карата энергетика тармагынын өнүгүү стратегиялык планы:
№ | Жумуштун аталышы | Аткаруу орду | Аткаруу мөөнөтү |
1 | Айыл өкмөт боюнча трансформаторду график боюнча кезектеги жана капиталдык кароодон өткөрүү | Айыл өкмөт боюнча | 2015-жыл |
2 | Жаңы конуштарга трансформаторлорду орнотуу | Кош-Дөбө, Арык-Тейит, Сарыбай, Таканай, Баглан, Кулуштан, айылдары | 2015-жыл |
3 | Жогорку чыңалуудагы электр мамычаларын алмаштыруу | Кулуштан айылы | 2015-жыл |
4 | Кубаттуулугу кичине трансформаторлорду кубаттуулугу жогорку трансформаторлорго алмаштыруу | Куммайдан, Кожо-Арык, Арык-Тейит | 2016-2017-жыл |
5 | Жаңы конуштарга төмөнкү чыңалуудагы аба чубалгыларын тартуу | Кош-Дөбө, Кожо-Арык, Куммайдан, Кулуштан, Кызыл-Булак айылдары | 2016-2017-жыл |
V. SWOT – анализ
Күчтүү жактары | Жагымдуу мүмкүнчүлүктөрү |
|
|
Жетишпестиктер | Жагымсыз абалдын кутулушу |
|
|
VI. Мониторинг
Өнүгүүнүн стратегиялык планынын аткарылышына көзөмөл (мониторинг) жүргүзүү коомчулук, айылдык кеңештин депутаттары, ӨЭУ (өкмөттүк эмес уюмдар), көз карандысыз эксперттер жана инвестициялык проектилерди каржылаган донор уюмдар аркылуу ишке ашырылыат. Донор уюмдар проектилердин аткарылышына баа берүүгө жана көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу. Ал үчүн проектилерди турмушка ашыруу максатында жүргүзүлгөн бардык операциялардын баштапкы финансылык документтери, отчеттору донор уюмдарга көрсөтүүлөт.
Т.Кулатов өз алдынча башкаруу органынын башчысы ар кандай проектилерди турмушка ашыруу учурунда, аларга карата жасалган көз көрүнөө каталарды, сын пикирлерди эске алып, аларды түзөтүү максатында проектилерге ар кандай өзгөртүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү киритет. Проектилер аяктаган соң (ишке киргизилгенден кийин) алар жөнүндө толук отчету жана баалоону көз карандысыз эксперттердин жана донор уюмдардын кароосуна тапшырат.
Окутууларга (семинар, тренинг) мониторинг жүргүзүү ошол учурдун өзүндө анкета толтуруу аркылуу жүргүзүлөт.
Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын инвестициялык долбоорлорунун 2013-2017-жылдар үчүн божомолун мониторинг жүргүзчү болсок (таблица тиркелет). Толугу менен аткар албасак да 90% аткардык десек жаңылбайбыз. Таблицада көрүнүп турган 11 пунктун бири гана Кош-Дөбө айылына бала бакча куруу толугу менен аткарылбай калган, ал эми
- Көк-Жар – Кулатов-Кызыл-Кия каттамындагы борбордук жолдун Тешикташ участкасы эле калды;
- Т.Бекиев атындагы орто мектебине эски имаратынын ордуна бала-бакча куру башталып, аягына чыга элек;
- К.Колдошов атындагы орто мектебине кошумча класс куру башталып, аягына чыга элек;
Калган пунктары толугу менен аткарылган, демек бул биз стратегиядагы багыттарбызды туура тапдап алгандыгыбыздын далили экендигин көрсөтүп турат.
Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын Инвестициялык долбоорлору 2013-2017-жылдар үчүн божомол
№1 тиркеме
№ | Долбоордун аталышы | Долбоордун жалпы акчасы млн сом | а/и мүмкүнчүлүгү бар млн сом | Айырмасы суралуучу акча млн сом | Кимдер тарабынан аткарылат | Күтүлүүчү жыйынтык |
Көк-Жар – Кулатов – Кызыл-Кия борбордук жолун асфальттоо 15 км | 56,0 | 47,0 | 9,0 | Жергиликтүү бюджет АРИС | Жол оңолот, транспорт каттамы жеңилдейт | |
К.Надиров ат. орто мектеби жаңы имаратын курууну бүтүрүү | 52,0 | - | 52,0 | Республикалык бюджеттен | Билим сапаты жакшырат | |
Т.Бекиев ат. орто мектебинин имаратын бала бакчага ыңгайлаштыруу | 1,9 | 1,0 | 0,9 | Донорлор ж.б. | Билим сапаты жакшырат | |
Кожо-Арык айылына баня куруу | 1,2 | 0,2 | 1,0 | ЮСАИД | Ден-соолугун чындоого кам көрүлөт | |
Ак-Терек айылына ФАП куруу | 1,2 | 0,2 | 1,0 | ЮСАИД | Ден-соолугун чыңдоого кам көрүлөт | |
Кош-Дөбө айылына бала-бакча куруу | 22,0 | 4,0 | 18,0 | Донорлор ж.б. | Билим сапаты жакшырат | |
Т.Бекиев ат. орто мектебине ашкана куруу | 1,5 | 0,5 | 1,0 | Донорлор ж.б. | Балдардын ден-соолугу үчүн кам көрүлөт | |
К.Колдошов ат. орто мектебине кошумча класс ачуу | 1,5 | 0,5 | 1,0 | Донорлор ж.б. | Билим сапаты жакшырат | |
Маданият үйүн оңдоп түзөө | 2,5 | 0,5 | 2,0 | Теңдештирүү гранты | Элдердин маданий денгээлинин жогорулоосуна таасир тийгизет | |
Т.Кулатов музейин куруу | 4,0 | 2,0 | 2,0 | Донорлор ж.б. | Элдердин маданий денгээлинин жогорулоосуна таасир тийгизет | |
Мемориалдык комплес куруу | 2,0 | 0,5 | 1,5 | Донорлор ж.б. | Элдердин маданий денгээлинин жогорулоосуна таасир тийгизет | |
| Жалпысы: | 145,8 | 56,4 | 89,4 |
|
|
КОРУТУНДУ
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары боюнча иштелип чыккан комплекстүү жумуштарды аткаруу экономиканын өсүшүнө жол ачат. Айыл өкмөттө өнөр жай тармагын өнүктүрбөй туруп, айыл чарба тармагында өсүш болбошу көзгө көрүнүп турат. 2015-2017-жылдар ичиндеги экономикалык өсүшү үчүн жогорудагы бүт тармактар боюнча жазылган болжолдуу программалар далил боло алат. Мал чарбачылык, талаачылык, өнөр жайын өнүктүрүү - бул негизги бегыт.Айыл чарба продукцияларды кайра иштетүү жолу менен алек болуш үчүн кичи иш каналарды ачууга киришишибиз керек. Аларды өндүрүп, өз элибизге болушунча арзандатылган бааларда сатып турсак бул дагы экономиканын алга жылышына мүмкүнчүлүк берет. Жеке ишкердикти күчөтүп, соода түйүндөрүн көбөйтүү товарлардын сапатын жогорулатуу, чекене товар жүргүзүүнүн көлөмүнүн өсүшүнө жана акылай кызмат көрсөтүүгө болот. Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу экономикалык тармакка оң багыт берет. Айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн резерви катарында туризм багыты козголбой турат, ушул багытка келгенде көңүл буру зарыл. Маданият, саламаттык сактоо жана билим берүү обьектилерин турак жайлардын ишке киргизилиши социалдык инфраструктураны жакшыртат.
2015-2017-жылдын болжолдуу экономикасын өнүктүрүүдө иштеп чыккан программалардын оң таасири тийип, айыл өкмөтүбүздүн жалпы калкы жакшы жашоого умтулуп, экономикабыз алга жылып келечектеги ой максаттарга жетебиз деген тилектерибиз бар.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы: |
Н.Мадимаров |
Аткаруучулар: Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары: |
Д.Көчкөнов |
Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы: |
А.Зулпуев. |
Жетектөөчү адис: | С.Бөйдөнов |
Жер адиси: | Г.Абдуллаев. |