Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № XXII-4
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн атуулу жеке ишкер Абишев Каныбек Абишевичтин арызынын негизинде Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Булак айылынан кичи кыш чыгаруучу ишканага 6.0 га жайыт жер аянттарын « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттун байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которуу трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагасы О.Разаковтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 15-27 беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8 пунктуна ылайык «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесин жетекчилике алып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Булак айылындагы түштүк чыгыш тарабындагы эски Т.Кулатов атындагы совхоздун убагында иштетип, кам кыш чыгарып, кийин талкаланып бузулуп кеткен ишкананын ордуна 1,0 га жер аянтына кичи кыш чыгаруучу ишкана куруу жана топурак алып иштетүү үчүн жайыттан 5,0 га бардыгы болуп 6,0 га жер аянты трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянттына келтирилген зыяндардын жана өндүрүлбөй калган пайданын ордун толтуруп, иштеп бүткөндөн кийин бузулган жер аянттарын баштапкы калыбына келтирип (рекультивизациялоо) жагы жеке ишкер Абишев Каныбек Абишевичке милдеттендирилсин.
3. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кызыл-Булак айылындагы түштүк чыгыш тарабындагы 1,0 га жер аянтына кичи кыш чыгаруучу ишкана куруу жана топурак алып иштетүү үчүн жайыттан 5,0 га бардыгы болуп 6,0 га жайыттын жер аянттарынан « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «транспорт байланыштын жана башкалардын жерлери» категорияга которууга (транформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин жер аянтарна менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер аянтын транспорт, өнөр жай жана коргонуу (жерлер) категориясын которуп, трансформациялап чыгарылгандан кийин лицензиясынын мөөнөтүнүн негизинде ижара келишимин түзүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |