Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № XXII-5
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Кожо-Арык айылынын Кыркол-Сай гипс кенин казып алуу үчүн 16,73 га жайыт жер аянттарын « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттун байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которуу трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровтун билдирүүсүндө «Аззахабу ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыркол-Сай бөлүмүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча агентигинен 2015-жылдын 9-февралындагы 16,73 га жер аянтарынан гипс кенин казып алып иштетүү үчүн № 3924 ТЕ лицензиясын 20 жылдык мөөнөт менен иштетүүгө алып келген лицензиясын талкуулап, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 15-27 беренелеринин, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8 пунктуна ылайык «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесин Кыргыз Республикасынын «Жер участокторуну которуу (транформациялоо) » жөнүндө 2013-жылдын 15-июль №145 мыйзамына ылайык депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Кыркол-Сай бөлүмүнөн лицензияга негиз 20 жылдык мөөнөт менен (2034 –жылдын 9-февралына) чейин гипс кенин казып алуу үчүн 16,73 га жайыт жер аянтарын « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «транспорт байланыштын жана башкалардын жерлери» категорияга которууга (транформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ижаралык келишимдин негизинде берилген жер аянттына келтирилген зыяндардын жана өндүрүлбөй калган пайданын ордун толтуруп, иштеп бүткөндөн кийин бузулган жер аянттарын баштапкы калыбына келтирип (рекультивизациялоо) жагы «Аззахабу ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомуна жуктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин жер аянтарна менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы Кыркол-Сай бөлүмүнөн лицензияга негиз 20 жылдык (2034 –жылдын 9-февралына) чейин мөөнөт менен гипс кенин казып алуу үчүн 16,73 га жер аянтарынын жайытынан « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «транспорт байланыштын жана башкалардын жерлери» категорияга которууга (транформациялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер аянтын транспорт, өнөр жай жана коргонуу жерлери категориясын которуп, трансформациялап чыгарылгандан кийин лицензиясына негизинде 20 ( жыйырма) жылдык мөөнөт менен ижара келишими түзүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |