Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № XXII-6
Т. Бекиев атындагы орто мектебинин директору Каратаева Санавар Абдиллаевнаны Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак грамотасына» көрсөтүү жөнүндө
Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Т.Бекиев атындагы орто мектептин директору Каратаева Санавар Абдиллаевнаны Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасына” талапкерлиги каралып, Т.Бекиев атындагы орто мектептин профсоюздук чогулушунда колдоого алынган 2015-жылдын 14-мартындагы № 5 токтомун угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Бекиев атындагы орто мектебинин директору Каратаева Санавар Абдиллаевнаны көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасына” талапкерлиги колдоого алынсын.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү тарабынан Т.Бекиев атындагы орто мектебинин директору Каратаева Санавар Абдиллаевнаны Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасына” көрсөтүү боюнча Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына сунуш кат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин социалдык, маданий билим берүү, спорт, миграция,туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына жана А.Ажибаевке милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |
14.03.2015-ж
Т.Кулатов айыл округу Кожо-Арык айылы
Катышкандар: 31
Катышпагандар: 3
Күн тартибинде:
Т.Бекиев атындагы орто мектебинин 2014-2015-окуу жылынын жыйынтыгынын негизинде алдыңкы мугалимдерди сыйлоо жөнүндө.
Угулду:
Күн тартибинде маселе боюнча кесиптик кошундун төрайымы Жумантаева Г. Төмөнкүлөргө токтолду :
Урматтуу мугалимдер, мектеп директору Каратаева Санавар 24-жылдан бери ушул мектепте үзүрлүү эмгектенип келе жатат.
Өзүңүздөргө малым болгондой эжеке жетектеген 4-жылдан бери мектепте алгылыктуу иштер аткарылды. Атап айтсам мектептин материалдык- техникалык базасын чоңдоо үчүн 2013-жылы 2 млн 900 миң сомдук 100 орундуу ашкана, 2014-жылы 430 миң сомдук ПРООНдон проект утуп эки интерактивдуу доска, эки проектор, бир түстүү принтер, бир фотоаппарат, бир видео камера, эки ноотбук, бир кино экран алынды, 2014-окуу жылы МЕРСИКОго проект жазып 138000 сомдук ашкана 100 стул, 40 стол алынып келинди. Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу максатында ата-энелер менен биргеликте иштеп, демөөрчүлөрдү таап, «Баланы тану» жылына карата 267000 сомдук 19 каанага видео көзөмөл, 18 каанага радио узел орнотулду. 2013-2014-окуу жылынын жыйынтыгы менен мектеп райондо I орундуу камсыз кылды.
Мектепте жүрүпжаткан бул иштердин баары эжекенин эмгегинин жыйынтыгы экендиги талашсыз. Ошондуктан эжекенин эмгектерин баалап, мектеп директору Каратаева Санавар Абдуллаевнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына сунуштайм.
Жарыш сөзгө чыккандар:
1. Ысаева Шакар- математика мугалими
Мен булл сунушту колдоймун. Анткени, Каратаева Санавар иш билги, тил билгилигинин натыйжасында мугалимдер жамаатынын ынтымакчылыгын бекемдеп, жылдан жылга көптөгөн ийгиликтер жаралып жатат. Директор болгон төрт жылдын ичинде өкмөттүк эмес уюмдар , ата-энелер, демөөрчулөрдү тартуу, коомчулук менен айыл өкмөт менен бирге иштеп, көптөгөн ийгиликтерди алып келди.
«Жаңылыкка жол» аттуу деген темада областык директорлордун семинарын 2014-жылдын 11-майында жогорку деңгээлде өткөрүп, мектеп жетекчилери тарабынан жогорку сыйлыкка көрсөтүлгөн, бирок сыйлык келген жок. Ошондуктан аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына көрсөтүү сунушун колдой.
2. Жамалдинов Абдыразак-орус тили жана адабият мугалими, 2013-2014-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрдүн улуттук тесттен алган баллы боюнча райондо экинчи эорунду камсыз кылгандагы Каратаева Санавар эжекенин толук шарт түзүп бергендигинин жыйынтыгы десек болот.
3. Жарыш сөзгө: Мамазияева Жылдыз, Сатывалдиева Канзада, Бобулова Канышай, Тешебаева Катича, Маматова Зулайка эжекелер чыгышып Каратаева Санавардын үзүрлүү эмгеги, иш тажрыйбасы, эмгек стажы да чындыгында эле сыйлыкка татыктуу деп баса белгилешти, калган мугалимдерда колдоого чакырышты.
Бул сунуштар жалпы мугалимдер жамаатына колго салынып, бир добуштан колдоо тапты.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап профсоздук
чогулуш төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Мектеп директору Каратаева Санавар Абдуллаевна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасына көрсөтүлсүн.
2. Бул чечимди бекитип берүү Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинен суралсын.
Т.Бекиев атындагы орто мектептин кесиптик кошунун төрайымы: |
Г. Жумантаева |