Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № XXII-7
«Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына айыл өкмөтүнүн, мектептердин, балдар бакчаларынын таштандыларын (мусорлорун) алып чыгуу үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюушулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Боркош уулу Дамирбектин билдирүүсүндө айыл өкмөтүнүн, мектептердин, балдар бакчаларынын таштандыларын (мусорлорун) алып чыгуусун угуп жана талкуулап, депутаттардык Т.Кулатов айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюушулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына айыл өкмөтүнүн, мектептердин, балдар бакчаларынын таштандыларын (мусорлорун) алып чыгуусу үчүн жергиликтүү бюджеттен келишимдин негизинде 57 999,5 (элүү жети мин тогуз жүз токсон тогуз сом элүү тыйын ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Берилген акча каражатын сарамжалдуу иштетүү жагы ишкананын жетекчиси Боркош уулу Дамирге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн уставынын негизинде буюртма берүчү Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Мадимаров биринчи тараптан, Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында «Айылкурулуш» муниципиалдык иш канасынын жетекчиси Боркош уулу Д. ишканасы уставынын негизинде иш алып баруучу экинчи тарап, төмөнкүлөр жөнүндө келишим түзүлду.
1. Келишимдин предмети.
1.1 Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн уставынын негизинде буйюртма беруучу биринчи тарап Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү жана алдында уюшулган «Айылкурулуш» муниципиалдык ишканасы экинчи тарап. Т.Кулатов айылындагы 9 (тогуз) мектеп.эки балдар бакчасы жана Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн конторасынын айласынын алдындагы таштандыларын ташуу боюнча келишим.
2. Тараптырдын укуктары жана милдеттери.
2.1 Биринчи тарап, экинчи тараптын аткарган иштерин сапатына, мыйзамдуу жана максаттуу аткарылышына ошондой эле аткарылган жумуштардын өз убагында аткарылуусун көзөмөлдөйт.
2.2 Биринчи тарап, экинчи тараптын, смета боюнча аткарыла турган иштери учун он айга 57999,5 (Элүү жети мин тогуз жүз токсон тогуз сом элүү тыйын) сом алдын ала бюджеттен каржылоону жүргүзөт.
2.3 Экинчи тарап, биринчи тараптын буйрутмасы боюнча өз убагында сапаттуу, туура максатта мыйзамга негиз иш алып барууга милдеттенет.
2.4 Тараптардын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын колдонууга мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт.
2.5 Экинчи тарап, биринчи тараптын, аткарыла турган жумуштарынын ар бирин келишим менен уставынын негизинде иш жүргүзөт.
3. Келишимге өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизуунуу толуктоолорду киргизуунун жана бузуунун тартиби.
3.1 Бул келишим бутконго чейин эки тараптын жазма макулдугу менен же сот тарабынан озгортулсо, бузулса болот.
4. Талаш-тартыштарды чечуу тартиби.
4.1 Ушул келишим боюнча пайда болгон талаш-тартыштардын баарын тараптар суйлошуу жолу менен чечууго аракеттенишет.
4.2 Эгерде макулдашууларга жетишилбесе талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.
5. Корутунду жоболор.
Келишим эки нускадан тузулуп, бирдей юридикалык кучко ээ жана эки тарапка бирден нуска берилет.
Тараптардын даректери:
Биринчи тарап: Экинчи тарап :
Т.Кулатов атындагы айыл окмоту Филиал ОАО «Росин банк Ноокат» Кызыл-Булак айылы : Ноокат шаары: ИНН:01706200410310 БИК:136023 М.С:12904741316110007 ИНН:03010201310083 БИК:129047 код:ОКПО 28507143 АОА РСК Банк.Г. Ноокат Р.С. 1360233000662685
Т.Кулатов атындагы айыл М.П «Айылкурулуш» Кызыл-Булак айылы:окмотунун башчысы: «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасынын Мадимаров.Н.С_________________ жетекчиси Боркош уулу Д__________
Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин жана балдар бакчаларынын
таштандыларын чыгаруу боюнча түзүлгөн смета.
Буюртма берүүчү Аткаруучу «Айылкурулуш»
Т.Кулатов айыл өкмөтү. муниципалдык ишканасы.
Мадимаров Н._________ Боркош уулу Д._________
№. | Мекемелердин аты. | Таштанды 1 айда М3 | 10 айда М3 куб | Калькуляция боюнча 1куб 892,3 |
1. | Абшыр-ата мектеби. | 0,5 | 5.0 | 4461,5 |
2. | Т.Бекиев Мектеби. | 0,6 | 6,0 | 5353,8 |
3. | Ж.Бөкөнбаев мектеби. | 0.6 | 6,0 | 5353,8 |
4. | Колдошов мектеби. | 0,5 | 5,0 | 4461,5 |
5. | Айбашов мектеби. | 0,6 | 6,0 | 5353,8 |
6. | К.Надиров мектеби. | 0,6 | 6,0 | 5353,8 |
7. | Эргешов мектеби. | 0,5 | 5,0 | 4461,5 |
8. | Кулуштан мектеби. | 0,5 | 5,0 | 4461,5 |
9. | Баглан мектеби. | 0,6 | 6,0 | 5353,8 |
10. | С. Эргешов балдар бакчасы. | 0,5 | 5,0 | 4461,5 |
11. | Арык-Тейит Нуру балдар бакчасы. | 0,5 | 5,0 | 4461,5 |
12. | Айыл окмотунун конторасы | 0,5 | 5,0 | 4461,5 |
13 | Бардыгы: |
| 65,0 | 57999,5 |
Иженер: Бугалтер: | Авазов. М Адиев. С |