Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-марты № XXII-9
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылынын Чал-Таш участогуна «Беккер чункурун» куруу үчүн 0.10 га жайыт жер аянттарын « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттун байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которуу жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын төрагасы О.Разаковтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 15-27 беренелерине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 8 пунктуна ылайык «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесин жетекчилике алып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылынын Чал-Таш участогуна «Беккер чункурун» куруу үчүн 0.10 га жер аянты трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Баглан айылынын Чал-Таш участогуна «Беккер чункурун» куруу үчүн 0.10 га жайыт жер аянттарын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттун байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которууга (транформасиялоого) өткөрүп берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов айылдык Кенештин жер аянтарна менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу, жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер аянттарын « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайдын транспорттун байланыштын жана башкалардын жерлери» категориясына которууга (трансформациялоо) жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин тѳрагасы: |
А. Ажибаев |