Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 257
Ош шаарынын муниципалдык турак-жай
коммуналдык башкармалыгынын
2014-жылы шаардагы кѳп кабаттуу
γйлѳрдγ техникалык жактан тейлѳѳ
боюнча отчетун угуу жѳнγндѳ
Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылга бекитилген иш-планына ылайык, «Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын 2014-жылы шаардагы кѳп кабаттуу γйлѳрдγ техникалык жактан тейлѳѳ боюнча отчетун угуу жѳнγндѳ» маселеси боюнча Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын башчысы Э.Аралиевдин маалыматын угуп жана Ош шаардык Кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 17-мартындагы отурумунун №2-токтомун, ошондой эле сессияда сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкар-малыгынын 2014-жылы шаардагы кѳп кабаттуу γйлѳрдγ техникалык жактан тейлѳѳ боюнча Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын башчысы Э.Аралиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкар-малыгынын 2014-жыл ичинде аткарган иштери канаатандырарлык деп табылсын.
3. Ош шаарындагы кѳп кабаттуу γйлѳрдγн жашоочуларынын турмуш шартын жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясына (А. Кадырбаев) жана Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгына (Э. Аралиев) тѳмѳндѳгγ иш чаралардын толук кѳлѳмдѳ аткарылышын камсыз кылуу милдеттендирилсин:
- Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын ишмердиги тууралуу шаар тургундарына тγшγндγрγγ жана аймактык кеңештер, кварталдык комитеттер жана башка тийиштγγ мекеме ишканалар менен тыгыз байланышта иш алып барууну, ошондой эле сырткы кѳрγнγшγ начар кѳп кабаттуу γйлѳрдγн абалын жакшыртуу боюнча аймактык кеңештер, кварталдык комитеттер тарабынан тγшγндγрγγ иштерин кγчѳтγγ;
- Кѳп кабаттуу γйлѳрдγн коммуналдык системаларын, чатырларын, подьездерин оңдоо жана сыртын актоо, сырдоо иштеринде тургундардын шартына жараша сметасын эсептеп берγγ жана тургундар менен келишим тγзγγ иштерин жѳнгѳ салуу;
- Шаардагы кѳп кабаттуу γйлѳрдγ жылуулук системасына туташтыруу иштерин кγчѳтγγ жана 2 жыл ичинде баардык кѳп кабаттуу γйлѳрдγ толук жылуулук менен камсыз кылуу γчγн иш-аракеттерди алып баруу;
- Аткарылуучу жумуштардын сапаттуулугуна жогору маани берγγ менен жумуштарды себепсиз кечиктирбѳѳ чараларын кѳрγγ;
- Кѳп кабаттуу γйлѳрдγн чатырын жеңил конструкцияны колдонуп, пентхаус тибинде жашоого шарттарды тγзγγ менен жабуу жолдорун изилдѳѳ.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У. Примов |