Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 258
Ош шаарында спортту жайылтуу,
пропагандалоо жана ѳнγктγрγγ
боюнчааткарылып жаткан иштер
жѳнγндѳ
Ош шаарында спортту жайылтуу, пропагандалоо жана ѳнγктγрγγ боюнча аткарылып жаткан иштер жѳнγндѳ Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин тѳрагасы Д.Тѳрѳкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий ѳнγктγрγγ жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 13-мартындагы №2-токтомун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында спортту жайылтуу, пропагандалоо жана ѳнγктγрγγ боюнча аткарылып жаткан иштер жѳнγндѳ Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин тѳрагасы Д.Тѳрѳкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаардык мэриясына (А.Кадырбаев):
- шаарда спортту жайылтууну жана ѳнγктγрγγнγ камсыздоо;
- А.Сγйγнбаев атындагы борбордук стадионду эл аралык стандарттарга жооп берген абалга келтирγγ, айрыкча андагы бетон чуркоо жолун резина менен каптоо;
- эл аралык стандарттарга жооп берген жабык спорт комплексин куруу;
- «Дельфин» спорт залынын курулуш иштерин бγткѳрγγ;
- теннис кортунун γстγн жабуу;
- Жапалак жана Тѳлѳйкѳн айылдарындагы жабык спорт залдарды ишке киргизγγ маселесин мыйзам чегинде кароо;
- А.Сγйγмбаев атындагы борбордук стадионду шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин курамына кошуу жѳнγндѳ жана стадиондун жетекчилиги тарабынан аткарылып жаткан иштери боюнча комиссия тγзγп, жыйынтыгы тууралуу Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессияларында маалымат берγγ милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий ѳнγктγрγγ жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У. Примов |