Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 259
Ош шаарынын муниципалдык
менчигиндеги имараттарды ремонттоо
иштери γчγн 2014-жылга жергиликтγγ
бюджеттен бѳлγнгѳн акча каражаттарынын
максаттуу пайдалануусу жана ремонттоо
иштеринин сапаттуулугу жѳнγндѳ
Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылга бекитилген иш-планына ылайык, Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги имараттарды ремонттоо иштери γчγн 2014-жылга жергиликтγγ бюджеттен бѳлγнгѳн акча каражаттарынын максаттуу пайдалануусу жана ремонттоо иштеринин сапаттуулугу жѳнγндѳ К.Пазиловдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 19-мартындагы №1-токтомун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги имараттарды ремонттоо иштери γчγн 2014-жылга жергиликтγγ бюджеттен бѳлγнгѳн акча каражаттарынын максаттуу пайдалануусу жана ремонттоо иштеринин сапаттуулугу жѳнγндѳ К.Пазиловдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын маданият башкармалыгына караштуу Ош шаардык №1 С.Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектебине 1 199 9 миң сом, П.И.Чайковский атындагы искусство мектебине 650,2 миң сом, Ош шаардык Г.Айтиев атындагы балдар орто кѳркѳм сγрѳт мектебине 699,0 миң сом, Ош шаардык китепканага 1495,0 миң сом акча каражаттары бѳлγнγп, ремонт иштери шааркуруу нормаларын бузуу менен тендер ѳткѳрγлбѳй аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Тѳлѳйкѳн айылындагы «Жеткинчек» балдар бакчасынын полун жыгачтан жасатуу жана жылытуучу системасын кайрадан оңдотуу милдеттендирилсин.
4. Ош шаарынын Тѳлѳйкѳн айылындагы «Жеткинчек» балдар бакчасынын курулушунун долбоордук-сметалык документтеринин жана курулуш иштеринин мыйзамдуулугун текшерип чыгуу жана юридикалык баа берγγ γчγн Ош шаарынын прокуратурасына жѳнѳтγлсγн.
5. Ош шаардык билим берγγ башкармалыгына (К.Кимсанов) №19 орто мектебинин ашканасынын жана №32 орто мектебинин спорт залынын полдорун кайрадан оңдоп чыгуу милдеттендирилсин.
6. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У. Примов |