Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 262
Жапалак айылдык аймактык
башкармалыгына караштуу
«Катта-Сай» массивинен жеке
турак-жай курууга жер тилкелерин
бѳлγп берγγ жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 4-мартындагы чыгыш № 72/08-6 Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жарандарынын суроо-талаптарын аткаруу максатында, «Катта-Сай» массивинен 1193 жаранга жеке турак-жай куруу γчγн, кезексиз тγрдѳ жер тилкелерин бѳлγп берγγ жѳнγндѳгγ катын, Ош шаарындагы жеке менчик γй куруучуларга жер участкаларын кароо комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы №13 жана Ош шаардык мэриясынын 2012-жылдын 2-августундагы №257 токтомунун негизинде тγзγлгѳн жеке менчик γй куруучуларга жер участкаларын берγγнγн тартибин кароо комиссиясынын 2013-жылдын 14-мартындагы №2-протоколдорун карап жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 19-мартындагы №3-токтомун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын кезекте турган 1193 жаранына, турак-жай куруу γчγн «Катта-Сай» массивинен жер тилкелерди кезексиз тγрдѳ бѳлγп берγγгѳ макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын кезекте турган 1193 жаранына турак-жай куруу γчγн, «Катта-Сай» массивинен жер тилкелерди кезексиз тγрдѳ бѳлγп берγγ жана тиешелγγ иш кагаздарын даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
4.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У. Примов |