Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 263
Ош шаарындагы дача
жана багбанчылык
участкаларында курулуп
калган турак γйлѳр
жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 13-мартындагы чыгыш № 84/08-6 дача конуштарынын жарандары курулуп калган турак γйлѳрγн жана жер тилкелерин сатып алышкандыктарына байланыштуу, алардын каттоолоруна карабастан Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясында карап, тиешелγγ чечим чыгарып берγγ жѳнγндѳгγ катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 19-мартындагы №4-токтомун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дача конуштарынын жарандары курулуп калган турак γйлѳрγн жана жер тилкелерин сатып алышкандыктарына байланыштуу, Ош шаарында каттоодо турган жарандардын жер тилкелерине, Ош шаарынын мэриясынын токтомун чыгарып, тиешелγγ иш кагаздарын мыйзамдаштырып берγγгѳ макулдук берилсин.
2. Ош шаарында каттоосу жок жарандарына дача конуштарынын курулуп калган турак γйлѳрγн жана жер тилкелерин сатып алышкандыктарына байланыштуу, жер тилкелерин мыйзамдаштыруу γчγн сот органдарына кайрылуу жагы сунушталсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У. Примов |