Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 266
Жапалак айылдык аймактык
башкармалыгына караштуу
218-кварталды №5 «Керме-Тоо»
аймактык кеңешинин тутумуна
кошуу жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 11-июлундагы чыгыш № 229/08-6 Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Керме-Тоо айылынын 218-кварталына (Ош-Араван жолунун 6-км) караштуу жерлерди №5 «Керме-Тоо» аймактык Кеңешине ѳткѳрγп берγγ жѳнγндѳгγ катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 19-мартындагы №7-токтомун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Керме-Тоо айылынын 218-кварталын (Ош-Араван жолунун 6-км), №5 «Керме-Тоо» аймактык Кеңешине ѳткѳрγп берγγгѳ макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Керме-Тоо айылынын 218-кварталын, №5 «Керме-Тоо» аймактык Кеңешине ѳткѳрγγ боюнча тиешелγγ иш-чараларды жγргγзγγ жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У. Примов |