Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 267
А.Навои кѳчѳсγндѳгγ
курулуп жаткан
эстакадалык кѳпγрѳнγн
3-этабы жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 19-мартындагы чыгыш №97/08-6 А.Навои кѳчѳсγндѳгγ эстакадалык кѳпγрѳнγн 3-этабынын курулушунун эскиздик долбоорун бекитип, курулуш иштерин баштоого, мындан тышкары №10 «Курманжан-Датка» аймактык кеңешинин Исанов кѳчѳсγнѳн (болжол биофак) Ленин кѳчѳсγнѳ ѳтγγчγ, мурда курулуп бγтпѳй калган кѳпγрѳнγ улантып курууга, ошондой эле бул курулуштардын долбоордук-сметалык иш кагаздарын даярдоого макулдук берγγ жѳнγндѳгγ катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 19-мартындагы №12-токтомун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Навои кѳчѳсγндѳгγ эстакадалык кѳпγрѳнγн 3-этабынын курулушунун эскиздик долбоорун бекитип, курулуш иштерин баштоого макулдук берилсин.
2. №10 «Курманжан-Датка» аймактык кеңешинин Исанов кѳчѳсγнѳн (болжол биофак) Ленин кѳчѳсγнѳ ѳтγγчγ, мурда курулуп бγтпѳй калган кѳпγрѳнγн курулуш иштерин улантуу боюнча терең изилдеп чыгып, мыйзам чегинде тиешелγγ мекемелердин макулдугун алып, экспертизадан ѳткѳргѳндѳн кийин, курулуш иштерин баштоого макулдук берилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) А.Навои кѳчѳсγндѳгγ эстакадалык кѳпγрѳнγн курулушунун 3-этабынын жана №10 «Курманжан-Датка» аймактык кеңешинин Исанов кѳчѳсγнѳн (болжол биофак) Ленин кѳчѳсγнѳ ѳтγγчγ, мурда курулуп бγтпѳй калган кѳпγрѳнγн курулушунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу менен тиешелγγ уруксат иш кагаздарын жана долбоор иштерин даярдоо жагы милдеттендирилсин.
4. Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын башкы башкармалыгына (А.Жолдошов) кѳпγрѳнγн 3-этабынын курулушуна дал келип калган имарат курулуштардын бузулуусун азайтуу максатында, башкы планда каралган кызыл сызыкты кыскартуу менен долбоордук-сметалык документтерин жана тиешелγγ уруксат иш кагаздарын иштеп чыгуу жагы милдеттендирилсин.
5. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мγлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгына (Т.Марифов) кѳпγрѳнγн 3-этабынын курулушуна дал келип калган жеке менчик жерлердин жана имарат курулуштардын иш кагаздарын тактоо милдеттендирилсин.
6. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) кѳз карандысыз баалочуларды тартуу менен кѳпγрѳнγн 3-этабынын курулушуна дал келип калган жеке менчик жерлердин жана имарат курулуштардын ээлерине тѳлѳнγп берилγγчγ компенсациялардын ѳлчѳмγн аныктоо, келишимдерди тγзγγ жана бузуп алып салуу иштери милдеттендирилсин.
7. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
8. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У. Примов |