Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 268
Жапалак айылдык аймактык
башкармалыгына караштуу
айыл-чарба багытындагы кээ
бир жер тилкелери жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 18-мартындагы чыгыш № 92/08-6 Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Гγлбаар-Тѳлѳйкѳн айылындагы 0,40 га, Озгур айылындагы 0,50 га жер тилкелердин балдар бакча курууга ажыратылгандыгына байланыштуу, Керме-Тоо, Тээке жана Гγлбаар-Тѳлѳйкѳн айылдарынын ортосу болгон А.Малабеков кѳчѳсγнγн боюндагы 0,50 га жер тилкесине жеткинчектер γчγн спорт аянтчасын куруу максатында жана “Жапалак” автоунаа базары толук кандуу, мыйзам чегинде иштѳѳсγ γчγн 12 га жер тилкелерин трансформациялоо маселесин шаардык Кеңештин кезектеги сессиясында карап, тиешелγγ чечим чыгарып берγγ жѳнγндѳгγ катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 19-мартындагы №13-токтомун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Гγлбаар-Тѳлѳйкѳн айылындагы 0,40 га, Озгур айылындагы 0,50 га, А.Малабеков кѳчѳсγнγн боюндагы 0,50 га жана “Жапалак” автоунаа базарынын 12 га жер тилкелерин трансформациялоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳн суралсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Гγлбаар-Тѳлѳйкѳн айылындагы 0,40 га, Озгур айылындагы 0,50 га, А.Малабеков кѳчѳсγнγн боюндагы 0,50 га жана “Жапалак” автоунаа базарынын 12 га жер тилкелерин трансформациялоо боюнча тиешелγγ иш кагаздарын даярдап, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ кайрылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У. Примов |