Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 269
Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо»
ишканасы ѳндγргѳн жылуулук энергиясынын
тарифтерине жана амортизациялык чыгымдарды
эсептѳѳгѳ макулдук берγγ жѳнγндѳ
Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасы ѳндγргѳн жылуулук энергиясынын тарифтерин бекитγγ боюнча 2015-жылдын 28-январындагы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу отун-энергетикалык комплексти жѳнгѳ салуу боюнча мамлекеттик Агенттигинин №29 буйругу боюнча Ош шаардык мэриясынын 2015-жылдын 11-мартында №34/085 менен келген катын карап жана Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасынын башчысы К.Алишеровдун маалыматын угуп, Ош шаардык Кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 23-мартындагы отурумунун № 4-токтомун, ошондой эле сессияда сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасы ѳндγргѳн жылуулук энергиясынын тарифтерин бекитγγ боюнча 2015-жылдын 28-январындагы Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу отун-энергетикалык комплексти жѳнгѳ салуу боюнча мамлекеттик Агенттигинин №29-буйругу менен бекитилген тарифтерди колдонууга жана 2014-2015-жылдардагы жылуулук берγγ мезгилине 3362,0 миң сомдук амортизациялык чыгымдарды эсептѳѳгѳ макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов). 3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У. Примов |