Загрузка документа…
ТЕПЛОКЛЮЧЕНКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-июлу № 34
Теплоключенка айылынын Гагарин көчөсүнө
Шапак баатырдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” №67 Мыйзамынын 7-беренесине ылайык айылдык кеңешинин агрардык, бюджет жана мыйзамдуулук, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияларынын протоколдорунун негизинде, ошондой эле Теплоключенка айылынын Гагарин көчөсүнүн жашоочуларынын жана “Шапак баатыр” коомдук уюмунун кайрылууларын карап, талкууга алып, Теплоключенка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Теплоключенка айылынын Гагарин көчөсүнө Шапак Баатырдын ысымы ыйгарылсын.
2. Аты аталган көчөнүн аншлагдарын жаңыртуу жана ар дайым жарыктандыруу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, тазалоо, жолдорду оңдоп-түзөө, ошондой эле коомдук иштерге жашоочуларды уюштуруу “Шапак баатыр” коомдук уюмуна жүктөлсүн.
3. Ушултоктомрайондук «Ак-Суу баяны» гезитинежарыялоо ‰ч‰нжиберилсин.
4. Айылдык кеӊештин токтомдору Мамлекеттик каттоо реестр журналына катталсын.
5. Токтом ММКна басылып чыккан күнү юстиция органына Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын кµзµмµлдµµ жагы айыл µкмµт‰н‰н башчысынын орун басары Р.К.Садыровага жүктөлсүн.
Тѳрага: | К.С. Джаныбеков |