Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-марты № 26-31/2
Каракол шаарынын 2015-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана
2016 -2017 жылдарга болжолдоо жөнүндө
Каракол шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Ч.Ш.Акматовдун «Каракол шаарынын 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2016-2017 жылдарга болжолдоо жөнүндө» докладын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясы, Каракол шаарынын мэриясы жана Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан, Каракол шаарынын 2015-жылга карата бюджетин түзүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилейт. 2015-жылга бюджеттин долбоорун түзүү процессинде, анын негизи катары, Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган көрсөткүчтөрү, шаардын социалдык-маданий мекемелеринин ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн керектеле турган бюджеттик каражаттардын эсептери эске алынгандыгы белгиленет.
Каракол шаарынын 2015-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун талкулоодо, баардык чарба жүргүзгөн субъектерге, каржы жана салык органдарына төмөнкү милдеттер коюлган: индикативдүү планды аткаруу, өнөр-жай өндүрүшүнүн өсүү темптерин жогорулатуу, жергиликтүү бюджетти сапаттуу аткаруу.
2015-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун баардык органдары үчүн башкы милдет катары, социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, каржылык-экономикалык абалды жакшыртуу болуп эсептелет. Ошону менен бирге, бюджеттик саясаттын негизги багыты болуп, бюджеттин абалын турукташтыруу, анын таңсыктыгын, кирешелерди максималдуу түрдө мобилизациялоо аркылуу төмөндөтүү, чектелген каржы булактарын рационалдуу бөлүштүрүү, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXХI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын 2015-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча №1 тиркемеге ылайык, 193772,2 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Кирешелер салыгынын жана сатык салыгынын чегерүү ченемдерин №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин карамагындагы мекемелердин кызматкерлеринин акы төлөө фонду №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Бюджеттик уюмдардын жана мекемелердин 2015-жылга чыгымдарынын пландарынын көлөмдөрү №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2016-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол 211497,2 миң сом суммасында, 2017-жылга 233195,2 миң сом суммасында жактырылсын. 2016-2017-жылдаргы карата жактырылган болжол ар бир конкреттүү учурда тактоого тиешелүү.
6. 2014-жылда жергиликтүү бюджеттен каржыланбаган чыгымдары, 2015-жылга бюджетте каралган ассигнованиелердин эсебинен жана чегинде, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин токтомунун негизинде, биринчи кезекте, айлык акыларга, социалдык фондго чегерүүлөргө, тамактанууга, коммуналдык кызматтарга жүргүзүлсүн.
7. Каракол шаарынын мэриясы жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн сапаттуу аткаруу боюнча чараларды көрсүн жана 2015-жылда шаардык бюджетинин чыгымдарын каржылоону биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (айлык акылар, социалдык фондго чегерүүлөр, тамактануу, жеңилдетилген категориядагы атуулдарга төлөмдөрдү берүү жана коммуналдык кызматтар).
8. Каракол шаардык каржы бөлүмү жана казынанын регионалдык бөлүмү жалпы мамлекеттик кирешелер боюнча республикалык, шаардык бюджеттерге чегерүүлөрдү №2 тиркемеге ылайык жүргүзүүгө милдеттендирилишсин.
9. Казына аркылуу өткөрбөстөн атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Бул тартип бузулса, атайы каражаттардын 100%ы бюджетке кириштелет.
10. Жергиликтүү бюджетинин кассадагы жүгүрүүчү накталай каражаттардын көлөмү 100,0 миң сом суммасында бекитилсин.
11. Резервдик фонддун көлөмү 1700,0 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде: 1000,0 миң сом - мэрияныкы жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешиники - 700,0 миң сом.
12. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
13. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
14. Токтом ММКларда жарыялансын.
15. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (К.Алымбаев) жүктөлсүн.
Тѳраганын орун басары: | А. Абдыкадыров |