Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-июну № 26-31/3
Бала-бакча куруу үчүн, Каракол шаарынын, Б.Жапаров атн.көчөсү,
№61 дарегинде жайгашкан авариялык абалдагы
муниципалдык имаратты бузуу жөнүндө
Каракол шаарынын вице-мэри Г.Ж.Орозованын 17.02.2015-жылдагы кир.№01-7/102 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XХХI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, 02.10.2014-жылдагы №26-28/10 «Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсинин, Каракол шаарынын, Б.Жапаров атн.көчөсү, №61 дарегинде жайгашкан, Каракол шаарынын муниципалдык менчигинде турган имарат боюнча каты жөнүндөгү” токтомунун 2 пункту, имараттын авариялык абалына байланыштуу жокко чыгарылсын.
2. Бала-бакчалардын жетишсиздигине байланыштуу, Каракол шаарынын мэриясы, көрсөтүлгөн имаратты, ордуна бала-бакча куруу үчүн бузсун.
3. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттодон өткөрсүн.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.М.Өмүров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Тѳраганын орун басары: | А. Абдыкадыров |