Редакцияот 09.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу  айыл аймагынын айылдык кеңешинин

VI- чакырылышынын кезексиз XV-сессиясы

2015-жылдын 9-январы № 15/1

Ак-Суу  айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26- беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кенеши Кыргыз Республикасынын» «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесине таянып;

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Ак-Суу  айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2. Аталган токтом Ак –Суу айыл өкмөтүнүн aksuu.biz.kg дарегине расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу жагы жооптуу катчы  Т.Чойбековага жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Ак-Суу  айылдык Кенешинин төрагасынын  орун басары Н.Балтабаевге  милдеттендирилсин.

 

Ак-Суу айыл аймагынын

айылдык кеңешинин тѳргасы:

 

К. Тѳрѳкулов