Редакцияот 01.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVI чакырылышынын  IX сессиясы

2014-жылдын 1-апрели № 4

Малчылардын жайлоолорго кѳчγγсγ жана кѳчγп келγγсγ жѳнγндѳ

Нарын районyнун Эмгек-Талаа айыл аймагында 2014-жылдын жайкы, кγзгγ оруп- жыюу иштерин уюшкандыкта ѳткѳрγγ жана дыйкандардын арпа, буудайларынын тγшγмγн, аянттардагы кѳп жылдык чѳп ѳсγмдγктѳрγн коромжусуз жыйнап алуу максатында, ошондой эле Эмгек-Талаа айыл ѳкмѳтγнγн кызмат адамдарынын жана жамаат ѳкγлдѳрγнγн сунуштарын угуп, Нарын районунун Эмгек-Талаа  айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын  IХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын малчыларынын жазгы жайлоолорго кѳчγγсγ 25-апрелге чейин жана жайкы алыскы жайлоолорго (Кен-Суу, Солтон-Сары, Кара-Тал) кѳчγγсγ 25-июнга чейин белгиленсин.

2. Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын алыскы жана жакынкы жайлоолордогу (Кен-Суу, Солтон-Сары, Кара-Тал) малчылардын 2014-жылдын 1-октябрына чейин Ак-Талаа, Эмгек-Талаа айылдарына жана кыштоолорго кѳчγп келγγсγнѳ жана малдардын айдап келγγсγнѳ тыюу салынсын.

3. 2014-жылдын 1- октябрына чейин Ак-Талаа, Эмгек-Талаа айылдарына жана кыштоолорго кѳчγп келген жана малдарын айдап келген малчыларга 20 000 (жыйырма мищ) сом ѳлчѳмγндѳ айып салынаары эскертилсин.

4. Бул токтомду жеринде малчыларга жеткирγγ жана аткарылышын камсыздоо жагы Эмгек-Талаа айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Р.Эсенбековго тапшырылсын.

 

Тѳрага:

А. Эсенбеков