Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-июну № 2
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын жер комиссиясынын курамына ѳзгѳртγγ киргизγγ жѳнγндѳ
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын X кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Р.Эсенбеков жер комиссиясынын тѳрагасынын орун басарлыгынан чыгарылсын.
2. Эмгек-Талаа айыл аймагынын жер комиссиясынын мγчѳсγ Осмонов Каттообек Эмгек-Талаа айылынын айыл башчылык кызматынан ѳз арызынын негизинде бошогондуктан, жер комиссиясынын курамынан чыгарылсын.
3. Эмгек-Талаа айылынын айыл башчысы кызматына дайындалган Дγйшѳнбиев Асанжан, айыл ѳкмѳтγнγн жер турак жай,коммуналдык маселелер жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар боюнча башкы адис Сабитов Хусейин жер комиссиясынын курамына киргизилсин.
4. Жер маселелерине тиешелγγ иш кагаздарын жγргγзγγ жагы айыл ѳкмѳтγнγн жерге жайгаштыруу ,айыл чарбасы боюнча жетектѳѳчγ адиси Ы.Оморовго, жер турак жай, коммуналдык маселелер жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар боюнча башкы адис Х.Сабитовддорго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомго ылайык тиешелγγ документтерди даярдоо жагы айыл ѳкмѳтγнγн жооптуу катчысы К.Моютовго тапшырылсын.
Тѳрага: | А. Эсенбеков |