Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-октябры № 1
Чѳпкѳ чабылган дан эгиндерин чыгыштоо жѳнγндѳ
Нарын районyнун Эмгек-Талаа айыл аймагында 2014-жылдын жаз, жай мезгилдери кургакчыл болуп айрым участкалардагы дан эгиндери чѳпкѳ чабылгандыгына байланыштуу жана Эмгек-Талаа айыл ѳкмѳтγнγн ѳтγнγч катынын негизинде, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын XI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек-Талаа айыл аймагында 2014-жылдын жаз, жай мезгилдери кургакчыл болгондуктан жана айрым себептерден улам чѳпкѳ чабылган 20 (жыйырма) га арпа аянттары Эмгек-Талаа айыл аймагынын дан эгиндери боюнча кѳрсѳткγчγнѳн чыгарылсын.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштγγ иш кагаздарына ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ жагы Нарын райондук агрардык ѳнγктγрγγ башкармалыгынан жана Нарын райондук статистика бѳлγмγнѳн суралсын.
3. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Р.Эсенбековго айыл аймагынан арпаны жана тоюттун тγрлѳрγн сыртка сатыкка чыгарбоо боюнча тγшγндγрγγ иштерин жγргγзγγ тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Эмгек-Талаа айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Р.Эсенбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага: | А. Эсенбеков |