Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-январы № 12/1
Терек айыл аймагынын «Жоо жүрөк» жайыт
пайдалануучулардын Терек айылдык кеӊешине
жиберген билдирүүсү жөнүндө
Жайыттарды натыйжалуу пайдалануу, убактылуу пайдаланылбаган жайыттардын салыгын төлөө жөнүндө жайыт комитетинин төрагасы С. Мыктыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Терек айылдык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылы убактылуу пайдаланылбай турган жайыт участокторунун жер салыгынан 2014-жыл үчүн бошотуу бул токтом менен бекитилсин жана Ак-Талаа райондук УГКНС нан суралсын.
Арпа жайлоосу 3326 га
Бөрү уюк 234,5 га
Көк жар 459,8 га
Жетим ашуу 1270 га
Чоӊ үӊкүр 475 га
Жалпы : 5765 га
2. Бул токтомдун жарыяланышын учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Казиевге жүктөлсүн.
Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрайымы: |
Ж. Ажиева |