Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 16-апрели № 14/2
Жайыт акы боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Терек айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылга жайыт акы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Кой, эчки - 10 сом ( Баетов айылынан келген малга 15 сом)
Уй - 50 сом
Жылкы – 60 сом
Топоз -80 сом
Эшек - 30 сом
2. Жасалма уруктандыруу – 500-1500-8000 сом болуп бекитилсин.
3. Малчылырдын көчүп-конуу графиги
Орто жайлоого - 10-апрелге чейин
Орто-Сыртка - 10 -майга чейин
Арпага - 10- июнга чейин
Күзгү көчүп келүү 10-октябрь
Күзгү жылкы тосуу - 1-сентябрдан 10- октябрга чейин түзүлгөн графиктин негизинде тосуу жагы белгиленсин.
4. Баардык бадачыларга Арпа жайлоосуна көчүп баруу жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы С.Мыктыбековга милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы У.Казиевге тапшырылсын.
Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрайымы: |
Ж. Ажиева |