Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-августу № 1
Казыбек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγнѳ караштуу Ак-Сай жайлоосундагы Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун жанынан 25,5 га жерди жаңы карьер γчγн жана мурдагы пайдаланып жаткан карьерлерди кеңейтγγ γчγн 18,75 га жерди Бишкек-Нарын-Торугарт жолун реабилитациялоо долбоорун ишке пайдаланууга Кыргыз Республикасынын траспорт жана коммуникация министрлиги убактылуу 3 жылдык мѳѳнѳткѳ пайдаланууга уруксат сураган кайрылуусу жѳнγндѳ
Кγн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин тѳрагасы М.Дγйшеевдин билдирγγсγн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун Казыбек айыл ѳкмѳтγнѳ караштуу Ак-Сай жайлоосундагы Торугарт автожолунун:
1)км 506-430 жолдун оң тарабы 100 метр алыстыкта 10 га жер аянтын(чыгыш-батыш узундугу 1000 метр тγндγк-чыгыш туурасы 100метр).
2)ум 508-600 жолдун сол тарабы 100 метр алыстыкта 12 га жер аянтын(чыгыш-батыш узуну 300 метр, тγндγк-чыгыш туурасы 400метр).
3)км 518-600 оң тарабы 100 метр алыстыкта 3,5 га жер аянтын (чыгыш-батыш узуну 230 метр, тγндγк 80 метр,тγштγк туурасы 200 метр).Жалпысы 25,5 га жерди жаңы карьер γчγн убактылуу 3 жылдык мѳѳнѳткѳ пайдаланууга жана
1) км 514-600 жолдун сол тарабы 100 метр алыстыкта 5 га жер аянтын (чыгыш-батыш узуну 250 метр, тγндγк-тγштγк туурасы 200 метр),
2) км 518-000 жолдун сол тарабы 100 метр алыстыкта 6,25 га жер аянтын (чыгыш-батыш узуну 250 метр, тγндγк-тγштγк туурасы 250 метр)
3)528-200 жолдун сол тарабы160 метр алыстыкта 7,5 га жер аянтын (чыгыш-батыш узуну 250 метр,тγндγк-тγштγк туурасы 300 метр).Жалпысы 18,75 га жерди мурдагы пайдаланып жаткан карьерлерди кеңейтγγгѳ (себеби жарактуу материалдардын жок калышына байланыштуу).
Бишкек –Нарын-Торугарт жолун реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу максатында карьер катары жолдун курулушуна инерттγγ материалдарды алып пайдаланууга убактылуу 3 жылдык мѳѳнѳткѳ уруксат берилсин.
2. Бул токтомду кѳзѳмѳлдѳп айыл ѳкмѳтγнγн чечим , токтомдорун чыгарып берγγ жагы айыл ѳкмѳтγнγн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Б. Аттокуров |